Түрк басма сөзү 19.08.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Хүррийет» гезити «Түркиядан Израилдин кол салуусуна реакциялар» аттуу кабарында Израиль армиясынын, Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында «коопсуз делген» аймакта Түркиянын радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) Араби тобунун унаасын бутага алганын жазган. Парламенттин төрагасы Нуман Куртулмуш, вице-президент Жевдет Йылмаз жана АК партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик кол салууну айыпташты.
«Сабах» гезити «Хамас менен Түркиянын ортосунда орчундуу жолугушуу» аттуу маалыматында Хамастын жетекчилери менен Түркиянын ортосунда критикалык жолугушуу өткөрүлгөнүн билдирген. Катардын борбору Дохадагы ок атышпоо жана туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү талкууланды.
«Стар» гезити «Түркиядан Газага жардам колу» аттуу кабарында баскынчы Израилдин кол салуусуна дуушар болгон миңдеген палестиналык жарандарга Түркиянын гуманитардык жардамын улантып жатканын жазган. Түркия Газага ушул убакка чейин 50 миң тоннадан ашуун гуманитардык жардам жеткирди.
«Йени Шафак» гезити «Багдад менен жарандык кызматташтык» аттуу маалыматында Түркия менен Ирактын ортосунда террорго каршы күрөш тармагындагы кызматташтыктын, соода жана транспорт тармактарын да камтый тургандай түрдө кеңейип жатканын билдирген. Багдадда курула турган биргелешкен борбордо аскер өкүлдөрүнөн тышкары бажы жана жарандык авиация сыяктуу мекемелердин жооптуу кызматкерлери да иштешет.
«Ватан» гезити «Түркияда ышкыбоз авиаторлор үчүн аэропорттор курулат» аттуу кабарында Түркиянын бардык жерлеринде, вертикалдуу учуп-конгон жана берки аба транспорттору үчүн аба кампустары курула турганын жазган. Учактарды, учкучсуз учуучу аппараттарды жана жарандык авиацияны өнүктүрүү камсыз кылынат.