Түрк басма сөзү 15.08.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
Түрк басма сөзү 15.08.2024
«Хүррийет» гезити «Эрдоган: БУУнун Коопсуздук Кеңешинин түзүмүн түп тамырынан бери өзгөртүү керек» аттуу маалыматында БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Африканын өкүлү болгон реформанын зарылдыгын айткан БУУнун баш катчысы Гутерришке жооп берген президент Эрдоган: «Глобалдык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу милдетин аткаруудан алыс болгон БУУнун Коопсуздук Кеңешинин түзүмүн түп-тамырынан бери өзгөртүү керек»-деп айтып, эскерткенин баяндаган.
«Хабертүрк» гезити «Эрдоган Палестинанын президенти Аббас менен жолугушту» аттуу кабарында президент Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Башкы ассамблеясында сөз сүйлөө үчүн Түркияга келген Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен жолугушканын маалымдаган. Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.
«Йенишафак» гезити «Түштүк Африка Израилге каршы козголгон геноцид ишине Түркиянын кошулуусуна ыраазы» аттуу макаласында Түштүк Африканын Эл аралык байланыштар жана кызматташтык министри Рональд Ламоланын Түркиянын Эл аралык Адилет Сотунда Израилге каршы козголгон геноцид ишине кошулуусун кубаттагандарын айтканын баяндаган.
«Сабах» гезити «АКШ Түркияны «туткун алмашуу» үчүн мактады» деген маалыматында АКШнын Анкарадагы элчиси Жефф Флейктин MİT тарабынан жүргүзүлгөн туткун алмашуу тууралуу: «Бир дагы өлкөнүн Түркия кылгандай чече аларына ишенбейм. Бул абдан профессионалдуу жана эң сонун иш болду», - деп айтканын берген.
«Стар» гезити «Байкар чыгарган Калкан тик учуп конуучу учкучсуз учуучу аппарат (DİHA) дагы бир сыноодон өттү» деген кабарында Байкар тарабынан иштелип чыккан, чалгындоо жана байкоо миссияларында маанилүү ролду ойной турган «Байрактар Калкан тик учуп конуучу учкучсуз учуучу аппараттын (DİHA) система аныктоо сыноосу ийгиликтүү аткарылганын маалямдаган.