Түрк басма сөзү  13.08.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2174766
Түрк басма сөзү  13.08.2024

«Стар» гезити «Министр Фидан АКШлык кесиптеши менен сүйлөштү» деген кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн билдирди. АКШнын талабы боюнча өткөн сүйлөшүүдө Израиль менен Хамастын ортосундагы сүйлөшүү процесси жана аймакта күч алган чыңалуу каралды.

«Хүррийет» гезити «Өмер Челик : Израиль ок атышпоону саботаж кылууда» деп кабарлап, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары жана партиянын катчысы Өмер Челиктин Израилдин Газадагы геноцидине каршылык көрсөткөнүн жазган. Челик : «Адамзат тарыхынын геноцидчи өкмөтү катары Нетаньяху өкмөтү  соттолушу керек. Израиль ок атышпоону саботаж кылууда»,- деди.

«Сабах» гезити «Министр Гүлердин Сирия тууралуу билдирүүсү» деп жазып, улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин Сирия менен макулдашылган жерде өлкөлөр аралык делегация жыйыны өткөрүлүшү мүмкүн экенин айтканын маалымдаган.  Министр Гүлер : «Түркия Сириядан чыгуу боюнча координацияны жаңы конституция кабыл алынгандан кийин, шайлоо өтүп, чек аралар камсыздалгандан кийин гана сүйлөшө алат»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «Ортомчулуктун адреси Түркия» деген макаласында Түркиянын ортомчулугунда Эфиопия менен Сомалинин делегацияларынын Анкарада тышкы иштер министрлигинде жолугушкандыгын баяндаган. Эки өлкөнүн ортосундагы кризис ; Сомалиланддын Сомалиден бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялоосу жана Эфиопия менен соода жана аскердик макулдашуу келишимине кол коюшунан кийин чыккан.

«Хабер түрк» гезити «Экспортто 20 облус 1 миллиард доллардан ашты» деп жазып, соода министрлигинин  июль айы тууралуу облустарга карата экспорт маалыматтарын билдиргенин белгилеген. Ушуга караганда Стамбул июль айында  6 миллиард  586 миллион доллар менен эң көп экспорт кылган облус болду. Шаардын  экспорту  өткөн жылдын ушул эле айына караганда  53, 8 пайызга өстү. Январь  -  июль мезгилинде  20 облус 1 миллиард доллардан ашуун экспотту ишке ашырды жана  51 облуста да тышкы соода өстү.



Тектеш кабарлар