Түрк басма сөзү 12.08.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Ватан» гезити «MİT башкарган туткун алмашуу операциясына Байден түз байкоо салды» аттуу кабарында Улуттук чалгындоо уюму MİTтин ортомчулугунда 1-августта жүргүзүлгөн тарыхый алмашуу операциясынын чоо-жайы белгилүү болгонун билдирген. Операциянын Түркияда болушун АКШ да, Орусия да каалады. Бул тандоодо эки өлкөнүн Түркияга болгон ишеними маанилүү фактор болду. Түркия АКШ менен Орусияга «сиз билдирүү жасамайынча биз эч кандай билдирүү жасабайбыз» деп кепилдик берди. АКШнын президенти Жо Байден тарыхый алмашуу операциясына түз байкоо салды.
«Йенишафак» гезити «Түндүк Иракта беш жаңы база» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Кулпу операциясы менен террордон тазалаган жаңы аймактарда коопсуз аймактарды түзүү үчүн беш жаңы база кура турганын жазган. Түрк куралдуу күчтөрү базалар жайгаша турган аймактарда издөө жана текшерүү иштерин аяктады.
«Стар» гезити «Түркия Улуу Улуттук Жыйынында Махмуд Аббаска карата даярдык» аттуу кабарында Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын Түркия Улуу Улуттук Жыйынында сөз сүйлөй турган 15-августтагы кезексиз жыйынга байланыштуу парламенттеги коопсуздук чаралары күчөтүлө турганын билдирген. Президент Эрдогандын да сөз сүйлөөнү уга турган жыйынга Израилдин Газадагы кол салууларында жарадар болгон жана Түркияда дарыланып жаткандар да чакырылат.
«Сабах» гезити «Бут кийим тармагында 6-чоң өндүрүүчүбүз» аттуу маалыматында Түркиянын бут кийим экспорту быйылкы жылдын 6 айында 588,7 миллион долларга жеткенин жазган. Дүйнөнүн эң чоң 6-өндүрүүчүсү болгон түрк бут кийим өнөр жайы 2030-жылы 6,8 миллиард долларлык соода көлөмүнө жетүүнү максат кылууда.
«Хабертүрк» гезити «Франциялык ашпозчу Лефеврден түрк ашканасына мактоо» аттуу кабарында француз ашканасынын алдыңкы ашпозчуларынан эки Мишелин жылдыздуу ашпозчу Жулиен Лефебвр түрк ашканасынын өзгөчө даамдары менен маанилүү гастрономиялык баалуулук экенин айтканын жазган.