Түрк басма сөзү 09.08.2024
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.
«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Израиль ок атышпоо ниетинде эмес» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Катардын эмири Шейх Темим Бин Хамед Ал Сани менен президенттик комплексте жолугушкандыгын белгилеген. Эрдоган жолугушууда Израилдин Хамастын саясий бюросу Исамил Ханийе кол салуусу менен ок атышпоо ниетинин жок экендигин дагы бир жолу көрсөткөндүгүн, Түркиянын аймакка туруктуу тынчтык жана бейпилдикти алып келе турган чечүүчү жол үчүн иштөөнү улантканын, Катар менен бирге жыйынтык алуучу аракеттерди күчөтүү ниетинде экендерин айтты.
«Йени Шафак» гезити «Түркия менен Албания коргоо өнөр жайында кызматташууну бекемдейт» деп билдирип, президент Эрдоган менен Албаниянын премьр - министри Эди Раманын телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн белгилеген. Сүйлөшүүдө Түркия менен Албаниянын эки тараптуу карым - катнаштарды, аймактык жана глобалдык темаларды карап чыгышты. Эрдоган сүйлөшүүдө эки өлкөнүн карым - катнаштарынын алдыңкы деңгээлде экендигин, соода, экономикалык, аскердик байланыштар аркылуу коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыктын таштала турган кадамдар менен дагы да бекемделе турганын айтты.
«Сабах» гезити «Борбордук банктын резервдеринде өсүү улантылууда» деген маалыматында Түркия Республикасынын Борбордук банкынын жалпы резервдери 2-август жумасында мурунку жумага салыштырмалуу 2 миллиард 375 миллион доллар өсүп 150 миллиард 386 миллион долларга жеткендигин баяндаган.
«Стар» гезити «Болот купол грек басма сөзүндө» деп жазып, Түркиянын көп катмарлуу жана жасалма акылдуу Болот купол куруу аракети грек басма сөзүндө кеңири орун алгандыгын кабарлаган. Түрк коргонуу өнөр жайындагы өнүгүүнүн уланып жатканын баса белгилеген грек басмасы «Түрк асманында бир чымчык да учпайт» деген макала жарыялады.
«Хабер түрк» гезити «Эфес байыркы шаары биринчи 7 айда эң көп зыяратчы келген музей» деген макаласында Измирдин Селчук районунда жыл сайын көптөгөн турист зыярат кылган Эфес байыркы шаарынын январь - июль айларында 1 миллион 444 миң 405 зыяратчыны кабыл алгандыгын жазган. Эфес байыркы шаары алгачкы 7 айда жергиликтүү жана чет элдик зыяратчылардын санын арттырып, Түркияда эң көп зыяратчыны кабыл алган музей болду.