Түрк басма сөзү 08.08.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
Түрк басма сөзү 08.08.2024
«Хүррийет» гезити «Түркия Израилдин геноцидине каршы доого кошулду» аттуу мааыматында Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотуна (ICJ) геноцид боюнча берилген доо арызга Түркиянын кошулгандыгы тууралуу арызын сотко тапшырганын маалымдаган. Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Эл аралык коомчулук геноцидге каршы өз милдетин аткарып, Израиль менен колдоочуларына керектүү басымды жасашы керек»,-деп айтты.
«Йени шафак» гезити «Гаагага болгон тарыхый арыздан кийин Куртулмуштан ачык билдирүү» аттуу маалыматында Парламент төрагасы Нуман Куртулмуштун канкор Израилдин Эл аралык Адилет Сотунда геноцид үчүн соттолуп жаткан окуяга Түркиянын кошулуу арызынан кийин абдан ачык сөз сүйлөгөнүн жазган. Куртулмуш : «Нетаньяху жана бандасынын кылган кылмыштары үчүн эң оор жазаларын алышы үчүн ишибизди улантабыз»,-деди.
«Сабах» гезити «Түркиянын аэропортторунда 7 айда 130 миллион жүргүнчү тейленди» деген кабарында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун июль айынын учак, жүргүнчү жана жүк статистикасын жарыялаганын маалымдаган. Аэропорттордо 7 айда болжол менен 130 миллион жүргүнчү тейленди. Бул мезгилде 1 миллион 306 миң 484 учак кыймылы ишке ашты.
«Стар» гезити «Түркиянын аба мейкиндиги ишенимдүү колдо» аттуу кабарында Коргоо өнөр жайынын Аткаруу комитети аба системаларынын комплекстүү иштешин караган ата мекендик жана улуттук «Болот купол» долбоорун ишке ашырууну чечкенин маалымдаган. Жасалма интеллект тарабынан колдоого алынган «Болот купол» долбоору ата мекендик жана улуттук коргонуу өнөр жай ишканаларынын биргелешкен аракеттери менен жүргүзүлөт.
«Хабер түрк» гезити «Июль айында экспорт рекорду» деген кабарында соода министри Өмер Болаттын экспорттун быйыл жакшы жылып жатканын айтканын баяндаган. Министр Болат жылдын акырына карата 267 миллиард доллардык экспорт максатын койгондорун, июль айынан тарта акыркы 12 айлык экспорттун 261,5 миллиард доллары ишке ашканын жана бул рекорд болгонун айтты.