Түрк басма сөзү 5.08.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2171235
Түрк басма сөзү 5.08.2024

«Хүррийет» гезити «Фидан Рефах чек ара бекетинде эскертүү берди: Кысымды күчөтүшүбүз керек» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын «Рефах» чек ара бекетине сапары учурундагы билдирүүсүндө: «Бул кыргынды бул жерде биргелешип токтотпосок, адамзат катары бул кыргынга шериктеш болобуз. Ошондуктан колубуздан келген жардамды берүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Израилге бардык кысымды күчөтүшүбүз керек» дегенин жазган.

«Йенишафак» гезити «Тышкы иштер министрлиги жарандарды Ливан тууралуу эскертти» аттуу маалыматында Тышкы иштер министрлиги жарандарды мажбур жагдайлар болбосо Ливанга барбоону, ал эми Ливандагыларды коммерциялык каттамдар уланып жаткан учурда чыгып кетүүнү эскертти.

«Стар» гезити «Тарыхый алмашууга дүйнөдөн мактоо» аттуу кабарында Улуттук чалгындоо уюму MİT өткөн жумада ишке ашырган тарыхый алмашуу операциясы дүйнөдө чоң жаңырык тапканын жазган. Америкалык аналитикалык уюм Атлантикалык Кеңеш туткундарды алмаштыруунун Түркиянын Батыш жана Орусияга карата тең салмактуу саясатын сындаган өлкөлөр үчүн сабак болгонун айтканын билдирген.

«Сабах» гезити «Туризмдин борборунда кош рекорд» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, Анталья аэропортунун 3-августта 1217 учак жана 223 миң 217 жүргүнчүгө кызмат көрсөтүү менен учак кыймылы жана жүргүнчү саны боюнча бардык убакыттардын рекорддорун жаңылаганын билдиргенин жазган.

«Хабертүрк» гезити «Кузей Тунчелли рекорд жаңылап Олимпиадада 5-болду» аттуу кабарында 16 жаштагы улуттук сууда сүзүүчү Кузей Тунчелли Париж 2024 Олимпиада оюндарында 1500 метрге эркин стилде 5-болуп, 14.41.22 менен жаштар арасында дүйнөлүк рекордду жаңылаганын билдирген.



Тектеш кабарлар