Түрк басма сөз. 2.08.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2170333
Түрк басма сөз. 2.08.2024

"Йени шафак" гезити "Эрдоган : аймагыбызды кан дарыясына айландырууну каалагандарга мүмкүнчүлүк бербейбиз" деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын  Жогорку Аскердик Кеңештин жыйынынан мурда  Аныткабрга жасаган зыяратында атайын дептерге кол коюп: «Аймагыбызды кан дарыясына айландырууну каалагандарга мүмкүнчүлүк бербейбиз жана өз жарандарыбыз менен бирдикте  досторубуздун да  коопсуздук булагы болууну улантабыз",- дегенин баса белгилеген. 

"Стар" гезити "Эрдоган Байден менен сүйлөштү" деп жазып, президент  Эрдогандын АКШнын президенти Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Нетаньяху башкаруусунун ок атышпоо жана тынчтыкты каалабаганын ар кадамда көрсөткөнүн, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы көрүнүштөрдүн Түркия жана дүйнөдө терең нааразычылыктарды жаратканын, Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханийенин өлтүрүлүшүнүн ок атышпоо аракетине оор сокку урганын, Израилдин Газадагы өрттү бүт аймакка жайылтуу үчүн аракет кылгандыгын баса белгилегенин кабарлаган.

"Хүррийет" гезити "Анкарада АКШ менен Россиянын ортосунда туткун алмашуу" деген маалыматында Улуттук Чалгындоо Уюмунун Анкарада жети өлкөнүн (АКШ, Германия,Польша, Словения, Норвегия, Россия жана Беларусь) абактарында жалпы 26 адамдын өз ара алмашуусун камтыган акыркы мезгилдин эң кеңири масштабдуу алмашуу операциясын ишке ашыргандыгын билдирген. 

"Хабер түрк" гезити "АКШ жана Россиядан Түркияга ыраазычылык" деген макаласында АКШнын президенти Байден менен тышкы иштер министри Блинкен Улуттук Чалгындоо Уюму башкарган туткундарды алмаштыруу операциясындагы ролунан улам Түркияга ыраазычылык билдиргенин жазган. Кремлден берилген маалыматта да  Улуттук Чалгындоо Уюму башкарган алмаштыуу операциясында жардам берген бардык өлкөлөргө ыраазычылык билдирилди. 

"Сабах" гезити "Тордун султандары Парижде чейрек финалды кепилдикке алды" деп жазып, волейбол боюнча улуттук курама командасынын Париж 2024 Олимпиада оюндарынын  С группасындагы экинчи беттеште Доминикан Республикасын  3 - 1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкканын баяндаган. 

 



Тектеш кабарлар