Түрк басма сөзү 31.07.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Хүррийет» гезити «Израиль Гитлерден ашып түштү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) облустук башкаруучуларынын кеңейтилген жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: «Газада 300 күндөн бери ырайымсыз геноцид болуп жатат. Израиль 40 миң палестиналык бир тууганыбызды бомбалап шейит кылды. Алар Гитлерден ашып түшүштү»,- дегенин жазган.
«Стар» гезити «Түркия менен Армениянын ортосунда нормалдашуу! Чек арада өкүлдөрдүн критикалык жолугушуусу» аттуу маалыматында Түркия-Армения атайын өкүлдөрү Кылыч менен Рубиняндын чек арада жолугушканын билдирген. Эки өлкөнүн орток чек арасындагы Алижан-Маргара чек ара бекетинде өткөрүлгөн жолугушууда атайын өкүлдөр мурунку жолугушууларында макулдашылган темаларды тастыкташты.
«Сабах» гезити «Байрактар жарыялады: 5 миллион үйдүн жаратылыш газ муктаждыгын камсыздайт» аттуу кабарында Түркиянын биринчи сүзүп жүрүүчү өндүрүштүк платформасынын Сингапурдан Түркияга жол тартканын жазган. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар: «Кудум сүзүп жүргөн өнөр жай объектиси болгон бул чоң деңиз базасы менен күн сайын 5 миллион үйдүн муктаждыгын камсыздай турчу жаратылыш газын өндүрөбүз»,-деди.
«Ватан» гезити «Зевс айкелинин мрамор башы байыркы Афродисиас шаарында табылды» аттуу маалыматында Айдындын Афродисиас байыркы шаарында жүргүзүлгөн казууларда Зевске таандык мрамор баш табылганын жазган. Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, «Афродисиаста уникалдуу табылга» деген билдирүүсүндө: «Көптөгөн кылымдардан кийин кайрадан жарыкка чыгарылган мрамор баш, грек мифологиясынын эң күчтүү жана маанилүү теңири Зевстин улуулугун көрсөтүүдө»,-деди.
«Хабер түрк» гезити «Париж 2024те 10 метр пневматикалык тапанчада күмүш медаль Түркияныкы» аттуу кабарында Париж 2024 Олимпиада оюндарында Юсуф Дикеч менен Шеввал Илайда Тархандан турган 10 метрге пневматикалык тапанча менен атуу боюнча аралаш улуттук курама финалда Сербияга 16-14 эсебинде утулуп күмүш медалга ээ болгонун жазган.