Түрк басма сөзү 30.07.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2168709
Түрк басма сөзү 30.07.2024

"Ватан" гезити "Түркия Израилге каршылык көрсөттү" деген кабарында тышкы иштер министрлигинин Израилдин тышкы иштер министри Израэль Кацтын президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган билдирүүсүнө катуу каршылык көрсөткөндүгүн кабарлаган. Министрликтен берилген маалыматта : "Геноцидчи Гитлердин тагдыры кандай болсо, геноцидчи Нетаньяхунун тагдыры да ошондой болот. Геноцидчи нацисттер кандай жоопко тартылса,  палестиналыктарды жок кылууга аракет кылгандар да ошондой жоопко тартылат",-  деп айтылды.

"Стар" гезити "Ирак жана Сириянын түндүгүндө ПККга дагы бир сокку урулду" деп жазып, Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел  -  Кулпу" операциясы жүргүзүлгөн аймакта аныкталган ПКК террордук уюмунун  3 террористти менен Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтык булагы" аймагында белгиленген 4 террористтин кечээ жок кылынгандыгын жазган. 

"Сабах" гезити "Тоггдун 4х4 модели келе жатат" деген маалыматында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажырдын Тогг тууралуу  кыял деп айтылганды ийгиликтүү ишке ашыргандарын айтып,  Тоггдун  4х4 моделинин алдыдагы айларда келерин жарыялаганын  баяндаган. 

"Хүррийет" гезити "Жаа атуу боюнча улуттук команда Париж  2024тө биринчи медалын алды" деп жазып, Париж 2024 Олимпиада оюндарынын үчүнчү күнүндө классикалык жаа атуу боюнча эркектер улуттук командасы үчүнчү орун үчүн таймашта Кытайды жеңип, коло медаль уткандыгын билдирген.

"Хабер түрк" гезити "Тордун султандары Олимпиаданы жеңиш менен баштады" деген кабарында тордун султандары Париж  2024  Олимпиадарынын С группасындагы биринчи беттешинде Нидерландияны  3 - 2 упай менен жеңгендигин жазган. Улуттук команда группадагы экинчи беттешин 1 - август бейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 10:00дө Доминик Республикасы менен өткөрөт. 

 



Тектеш кабарлар