Түрк басма сөзү 10.07.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2161331
Түрк басма сөзү 10.07.2024

Түрк басма сөзү 10.07.2024

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: НАТОдогу эң алдыңкы 5 өлкөнүн бирибиз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын НАТО саммити үчүн АКШга жөнөп кетүү алдында жасаган билдирүүсүндө: «Түркия НАТОнун миссияларына жана операцияларына эң көп салым кошкон 5 союздаштын бири. Биз жүктү бөлүшүү үчүн өз салымыбызды ашыгы менен кошуп жатабыз. Биз кургакта, деңизде жана абада өнүктүргөн мүмкүнчүлүктөр жана жөндөмдүүлүктөр менен НАТОнун таяныч өлкөлөрүнүн арасындабыз»,- деп айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Эрдоган: Газада Палестина калкына каршы болуп жаткан кыргындарды күн тартибине алып чыгабыз» аттуу маалыматында президент Эрдогандын НАТО саммитинде орток баалуулуктарыбыз чын ыкластан сыналып жаткан Газада Палестина калкына каршы болуп жаткан кыргындарды күн тартибине алып чыгаарын айтканын жазган.

«Йенишафак» гезити «Түрксат 6Ада баары жолунда» деген кабарында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркиянын биринчи улуттук байланыш спутниги Түрксат 6Анын учурулгандан кийин бардык нерсе жолунда экенинн айтканын маалымдаган.

«Стар» гезити «Түрк илимпоздору CCHF вакцинасында дүйнөдө биринчиликке жетишти» аттуу кабарында Кайсери Эржиес университетинин Вакцинаны өнүктүрүү борборунда өндүрүлгөн Крым-Конго геморрагиялык ысытма оорусуна каршы вакцина дүйнөдө биринчи жолу ФАЗА-1 фазасынан өтүп, ФАЗА-2 изилдөөсүн башталганын маалымдаган. ФАЗА-2 изилдөөлөрүндө вакцина ыктыярчыларда сыналат.

«Сабах» гезити «Кытайдын унаа алпы Түркияны тандады» деген кабарында Кытайдын унаа алпы BYD Түркияга инвестиция салууга кол койгонун маалымдаган. Компания болжол менен 1 миллиард долларлык инвестиция менен 150 миң унаага ылайыкталган өндүрүштүк ишкана курат. 5 миң адам иш менен камсыз болот. BYDнин жаңы инвестициясы үчүн Түркияны тандоосу чет элдик басма сөздө кеңири орун алды.



Тектеш кабарлар