Түрк басма сөзү 22.02.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2105825
Түрк басма сөзү 22.02.2024

«Хүрриет» гезити «Президент Эрдогандын КААН сөздөрү: Биз муну жасадык жана жасай беребиз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Афьонкарахисарда жасаган билдирүүсүндө Түркиянын 5-муундагы согуштук учагын чыгарууда абдан маанилүү босогодон өткөнүн айтканын баяндаган. Эрдоган Улуттук согуштук учак КААН тууралуу: «Улуттук согуштук учагыбыз КААН бүгүн алгачкы учуусун ийгиликтүү ишке ашырды»,-деди.

«Сабах» гезити «Асманда КААН» аттуу кабарында Түрк авиация-космос өнөр жайы (TAI) тарабынан чыгарылган улуттук согуштук учак KAAN Анкара асманында алгачкы учуусун аткарганын маалымдаган. Мүртед аэропортунан учуп чыккан улуттук согуштук учак бир канча убакыт учкандан кийин базага ийгиликтүү кайтып келди. Улуттук согуштук учак КААН асманга көтөрүлгөн күн тарыхта калды.

«Ватан» гезити «Каан биринчи учуусун жасады, дүйнө жүзү боюнча гезиттерге чыкты» деген кабарында Түркиянын улуттук согуштук учагы Каандын алгачкы учушу дүйнөлүк басма сөздө чагылдырылганын жазган. Bloomberg тарыхый учууну «бурулуш чекити» деп баалаганда, грек басмасы Каандын өнүккөн өзгөчөлүктөрү тууралуу жазды.

«Стар» гезити «Сомали расмий түрдө Түркиянын чечимин бекитти» деген кабарында Сомалинин министрлер кабинети Түркия менен коргонуу тармагында кызматташуу жаатында кол коюлган келишимди жактырганы маалым болду. Сомалинин маалымат министри Дауд Авейс мындай деди: "Бул маанилүү 10 жылдык келишим Сомалинин өкмөтүнүн эгемендигин коргоо аракеттерин олуттуу түрдө күчөтөт". деди.

«Хабер түрк» гезити «Сауд Арабия өнүктүрүү фондунан 55 миллион доллар насыя» аттуу кабарында Сауд Арабия өнүктүрүү фонду (SFD) Түркия Республикасы менен 55 миллион долларлык насыя келишимине кол койгонун жарыялаганын маалымдаган. Каралып жаткан насыя «Мамлекеттик мектептерде жер титирөө коркунучун азайтуу долбоорунун» алкагында колдонулушу керек.



Тектеш кабарлар