Түрк басма сөзү 30.11.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2070656
Түрк басма сөзү 30.11.2023

«Ватан» гезити «Эрдогандан Грецияга диалог чакырыгы» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, өлкөлөр ортосундагы пикир келишпестиктердин табигый экенине басым жасап: «Эң негизгиси бул пикир келишпестиктерди туюк жолго айландыра электе чечүү эрктүүлүгү»,- дегенин жазган. Түркиянын ушундай эрки бар экенин айткан Эрдоган: «Отуруп сүйлөшкөндө макулдаша албай турган көйгөйүбүз жок экенине ишенебиз. 7-декабрга пландалган Греция сапарына карата мамилебиз да ушул багытта»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Израиль мыйзам алдында жооп берет» аттуу маалыматында президент Эрдогандын, Израилдин мыйзам алдында жооп берерин айтканын жазган. Эрдоган: «Газада акыркы кылымдын эң чоң мыкаачылыктарынын бирин кылган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өз атын Газа касапчысы катары тарыхка жаздырды»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Эрдогандын сөздөрү дүйнөлүк басма сөздө» аттуу кабарында президент Эрдогандын «Нетаньяху атын Газа касапчысы катары жаздырды» деген сөзү дүйнөгө жаңырганын баяндаган. Маалымат агенттиктери Эрдогандын билдирүүлөрүн соңку кабар катары абоненттерине жеткирсе, көптөгөн гезиттер бул абалга кеңири орун беришти.

«Стар» гезити «Түркиянын Газадагы чындыкты чагылдырган ролу» аттуу кабарында Израиль жана колдоочуларынын Израиль-ХАМАС кагылышуусундагы жалган маалыматтарына карабастан Батыш жана башка аймактардагы миллиондогон адамдар, Түркия жана Катар сыяктуу бир нече өлкөнүн маалымат каражаттарынын негизинде Газада болуп жаткандардын Израилдин айтканындай эмес экенин көрүп, реакциясын көрсөтүү үчүн көчөлөргө чыгышканын жазган.

«Йени Шафак» гезити «Европа Биримдигинен Түркияга Газа билдирүүсү» аттуу кабарында Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, дээрлик ар бир жаңжалдын чечилишинде маанилүү роль ойногон Түркия менен Жакынкы Чыгыш тынчтык процесси темасында сүйлөшүүгө даяр экендиктерин билдиргенин жазган.



Тектеш кабарлар