Түрк басма сөзү 28.09.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2043356
Түрк басма сөзү 28.09.2023

«Йенишафак» гезити «Президент Эрдоган: Карабах Азербайжан» аттуу маалыматында президент Эрдогандын Азербайжандын «Эскерүү күнүндө» бардык шейиттерди эскергенин жазган. Эрдоган : «Карабах жана басып алынган Азербайжан жерлеринин дастанга айланган боштондук күрөшүнүн башталышы болгон эскерүү күнүндө бардык шейиттерибизди ырайым менен, ардагерлерибизди урматтоо менен эскерем. Карабах Азербайжандыкы!»-деди.

«Сабах» гезити «88 жылдын туу чокусу» деген макаласында Түрк мунай акционердик коомунун башкы директору Мелих Хан Билгин Сакария газ талаасындагы кубаттуулуктун акырындык менен жогорулатыла турганын белгилеп: «Бүгүнкү күнгө карата Түркия Сакария газ кенинен күнүнө болжол менен 4 миллион куб метр газ өндүрүүдө. Биз өндүргөн газ менен бирге Түркиянын 88 жылдык тарыхында газ өндүрүшү мынчалык өскөн эмес»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Руслана: Түрк элинин колдоосу маанилүү» аттуу кабарында украин ырчысы жана ыр жазуучусу, 2004-жылкы Евровидение сынагынын жеңүүчүсү Руслананын өлкөсү жана элинин түрк элинин колдоосуна ыраазы экенин баса белгилеп: «Сиздердин берген гуманитардык жардамыңыз Украинадагы адамдардын өмүрүн сактап калууда»,-деп айтканын берген.

«Стар» гезити «Түштүк кореялык чебер: Түркиянын эмне үчүн бир тууган өлкө деп аталганын сездим» деген кабарында түштүк кореялык джаз чебери Ги Хе Ли түрктөр менен түштүк кореялыктардын үй-бүлөгө берилген баа, тамак-аш маданияты, боорукер жана аяр мамилеси сыяктуу өзгөчөлүктөрү менен бири-бирине окшош экенин, Түркиянын эмне үчүн бир тууган өлкө деп аталганын сезгенин айтканын баяндаган.

«Хүрриет» гезити «Анталия 8 айда 10 миллион 835 миң туристти кабыл алды» аттуу маалыматында маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Анталья жылдын 8 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,45 пайызга өсүү менен жалпы 10 миллион 835 миң 204 туристти кабыл алганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар