Түрк басма сөзү 21.09.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2040177
Түрк басма сөзү 21.09.2023

«Сабах» гезити «Эрдоган  Мицотакисти кабыл алды» аттуу кабарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында АКШнын Нью-Йорк шаарына барган президент Эрдогандын Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакисти кабыл алганын жазган. Түрк үйүндөгү жолугушуу басма сөзгө жабык өттү. Эки лидер Түркия менен Грециянын ортосундагы карым-катнаштарда азыркы позитивдүү климатты жана аны сактоого чечкиндүүлүктөрүн ырасташкандарын белгилешти.

«Ватан» гезити «Түркия инвесторлор үчүн коопсуз порт болууну улантууда» деген маалыматында президент Эрдоган Нью-Йоркто катышкан Түрк-Америка Ишкерлер кеңешинин 13-Түркия инвестиция конференциясында билдирүү жасаганын жазган. Эрдоган: «Сатып алуу күчү жагынан дүйнөнүн 11-чоң экономикасы, номиналдык жактан болсо 17- чоң экономикабыз. Түркия эл аралык инвесторлор үчүн коопсуз порт болуу позициясын сактап келет. Бул позициябызды дагы да чыңдап жатабыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия инвесторлорду толкундатууну улантууда» аттуу кабарында казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин АКШнын Нью-Йорк шаарында инвесторлор менен жолугушканын жазган. Шимшек жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө: «Түркия инвесторлорду толкундатууну улантууда»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия Азербайжандын жанында» аттуу маалыматында Карабахта ок атышпоо чечими тууралуу билдирүү жасаган вице-президент Жевдет Йылмаздын: «Азербайжандын таштаган кадамдарын колдойбуз»,-дегенин жазган. Йылмаз: «Азербайжандын жери болгон Карабахтын ар бир бурчунда Азербайжан желеги желбирейт»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «Түрк хирургдары жасаган операцияларды дүйнө түз эфирде көрдү» аттуу кабарында түрк хирургдары тарабынан көкүрөгү ачылбастан жабык ыкма менен 3 башка бейтапка түз эфирде жасалган жүрөк операциясын чет өлкөдөн жана өлкөнүн ичинен 200 дарыгердин түз эфирде көргөнүн билдирген. Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа: «Хирургдарыбыз роботтук хирургия тармагындагы иштери менен дүйнөгө айырмачылыктарын көрсөтүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар