Түрк басма сөзү 18.09.2023
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Куранга кол салууларды кабыл албайбыз» аттуу кабарында АКШнын Нью-Йорк шаарында Түрк-Америка улуттук башкаруу комитети тарабынан уюштурулган кечки сый тамакта сөз сүйлөгөнүн жазган. Эрдоган: «Дүйнө жүзүндөгү 2 миллиард мусулмандын ыйыктарына кол салуулардын, пикир эркиндигине жамынып мыйзамдаштырылышын эч качан кабыл албайбыз»,-деди.
«Сабах» гезити «Эрдогандын Илон Масктан талабы дүйнөнүн күн тартибинде» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Тесланын негиздөөчүсү Илон Маск менен Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарындагы Түрк үйүндө өткөргөн жолугушуусунда Масктан Тесланын 7-ишканасын Түркияда курууга чакырганын билдирген. Эл аралык мекемелер Эрдогандын Маскка чакырыгын баш макалаларында беришти.
«Ватан» гезити «Эрдогандан Илон Маскка Текнофест чакыруусу» аттуу кабарында президент Эрдогандын, космостук транспорт компаниясы SpaceXтин негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск менен жолугушуусунда Түркиядагы технологиялык өнүгүүлөргө токтолгонун жазган. Жолугушууда Эрдоган Маскты 27-сентябрдан 1-октябрга чейин Измирде өтө турган дүйнөнүн эң чоң космос, авиация жана технология фестивалы Текнофестке чакырды.
«Йени Шафак» гезити «Түркия коргоо өнөр жайында камсыздоочу өлкөгө айланды» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, Түрк авиация жана космос өнөр жайынын (TUSAŞ), Гөкбей тик учагы, Атак тик учагы, Хүржет учагы, Хүркуш жеңил чабуулчу учагы, АНКА учкучсуз учуучу аппараты жана Улуттук согуштук учак КААНдын өндүрүш ишканаларын текшергенин билдирген. Уралоглу: «Түркия коргоо өнөр жай тармагында камсыздоочу өлкөгө айланды»,-деди.
«Стар» гезити «АКШ: Түркия менен соодада олуттуу мүмкүнчүлүктү көрүп жатабыз» аттуу кабарында АКШнын глобалдык рыноктор боюнча соода министринин орун басары Арун Венкатараман, АКШ менен Түркиянын ортосундагы сооданын эселенип өсүүсү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктү көрүп жаткандарын жана соодада 100 миллиард долларлык максатка жетүүнүн мүмкүн экенин айтканын билдирген.