Түрк басма сөзү 31.08.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2031222
Түрк басма сөзү 31.08.2023

«Сабах» гезити «Эрдоган: Түркиянын жогорулоосу уланат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын  30-август Жеңиш майрамынан улам Президенттик комплексте уюштурулган иш-чарада сөз сүйлөгөнүн жазган. Чөлкөмдөгү кризистердин чечүүчү дареги Түркия экенин баса белгилеген Эрдоган: «Күчүн достору менен бөлүшкөн Түркиянын жогорулоосу уланат»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандын КААН боюнча билдирүүсү» аттуу кабарында президент Эрдогандын Улуттук Коргоо университетинин Аскердик академиясынын Диплом алуу жана туу тапшыруу аземинде кечээ жасаган билдирүүсүндө: «Улуттук согуштук учак КААНдын 2023-жылдын аягына чейин учушун көрөбүз»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Түркия биринчи жолу булак өлкө болот» деген кабарында Түркия менен Венгриянын ортосунда кол коюлган келишимге ылайык 2024-жылы болжол менен 300 миллион метр куб түрк жаратылыш газы өлкөсүнө жеткириле турганын белгилеген Венгриянын тышкы жана тышкы соода министри Петер Сийярто: «Түркия биринчи жолу бир гана транзиттик өлкө эмес, ошондой эле булак өлкө болот»,-деп айтканын маалымдаган.

«Ватан» гезити «Анкарада TEKNOFEST кубанычы башталды» аттуу кабарында дүйнөнүн эң чоң авиация, космос жана технология фестивалы болгон TEKNOFEST Республиканын 100 жылдыгында кечээ борбор шаар Анкарада технология жана илим ышкыбоздоруна каалгасын ачканын маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Тордун султандары жарым финалда» деген кабарында Волейбол боюнча Улуттук аялдар курама командасы чейрек финалда Польшаны 3-0 эсебинде жеңип, Европа волейбол чемпионатында жарым финалга өткөнүн баяндаган.



Тектеш кабарлар