Түрк басма сөзү 03.08.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2019556
Түрк басма сөзү 03.08.2023

 

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган Путин менен сүйлөштү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Эки лидер Путиндин Түркияга сапары тууралуу макулдашты. Эрдоган «тынчтык көпүрөсү» деп эсептеген Кара деңиз демилгесинин көптөн бери иштебей калышы эч кимдин кызыкчылыгына эмес экенин баса белгиледи.

«Хүррийет» гезити «АКШ медиасы: Жаңы дүйнө түзүлүүдө» аттуу кабарында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) эң чоң телерадио уюмдарынын бири болгон Cnbc, сентябрда Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашуунун артында Батыштан айырмаланып, президент Эрдоган жана Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын турганын белгилеп, бул абалдын жаңы дүйнөгө ишаарат кылганын көрсөткөнүн белгилеген.

«Ватан» гезити «Диснейдин «Ататүрк» сериалына байланыштуу чуулгандуу чечимине каршы чыгуу» аттуу кабарында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челиктин АКШда жайгашкан сериал/фильм платформасы Диснейдин «Ататүрк» сериалынан баш тартуусуна каршылык көрсөткөнүнө токтолгон. Челик: «Бул Батыш демократияларындагы кризиске байланыштуу абал»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «Глобал саякат журналынан Стамбул аэропортуна 2 сыйлык» деген макаласында Стамбул аэропорту АКШда чыгуучу саякат журналы Global Traveler тарабынан экинчи ирет катары менен «Эң мыкты трансфер аэропорту» жана «Эң мыкты үй-бүлөгө ылайыктуу эл аралык аэропорт» сыйлыктары менен сыйланганын маалымдаган. Стамбул аэропорту эл аралык авиация рейтинг агенттиги Skytrax тарабынан «Дүйнөнүн эң мыкты аэропорту» жана «Дүйнөнүн эң үй-бүлөгө ыңгайлуу аэропорту» болуп тандалып, «Түштүк Европанын эң мыкты аэропорту» деп жарыяланган.

«Сабах» гезити «Британиялык өкүл: Түндүк Кипр Түрк Республикасы эмне үчүн көз карандысыз мамлекет боло албасын?» аттуу кабарында Англиядагы Демократиялык Биримдик партиясынын (DUP) депутаты Сэмми Вилсон, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Бириккен Улуттар Уюму тарабынан эгемендүү мамлекет катары таанылбашы үчүн эч кандай себеп жок экенин айтып, ТКТРнын таанылышына колдоо көрсөткөнүн маалымдаган.



Тектеш кабарлар