Түрк басма сөз  21.07.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2014406
Түрк басма сөз  21.07.2023

«Йени шафак» гезити «Эрдогандан эл аралык коомчулукка Кипр тууралуу чакыруу» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түндүк Кипр Түрк Республикасында Эржан аэропортунун жаңы терминал имаратынын ачылышында  сүйлөгөн сөзүндө эл аралык коомчулукка Кипр тууралуу чакыруу салып : «Түндүк Кипр Түрк Республикасына карата мыйзамдуу негизи жок, толугу менен саясий чектөөлөрдү жоюга чакырамын»,- дегенин белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Респуликасын  эртерээк таныйлы» деп билдирип,  Тынчтык жана эркиндик майрамынын негизинде Түндүк Кипр Түрк Республикасында сөз сүйлөгөн президент Эрдоган дүйнөгө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын таанылышы үчүн чакыруу салып : «Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан  жасаган чакыруумду кайталаймын. Келгиле аралдагы чындыктарга артыңарды салбагыла, Түндүк Кипр Түрк Республикасын эртерээк тааныгыла»,- дегенин кабарлаган.

«Сабах» гезити «Орус кызматкерилери Стамбулдан кетти» деген макаласында  улуттук коргоо министрлигинин булактары Дан коридору келишиминин  17 -  июлда акырына чыгышы менен орус кызматкерлеринин Стамбулдагы Биргелешкен координация борборунан кеткендигин баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Россия Түркиядан помидор экспорттоо квотасын арттырды» деп жазып, Россиянын Түркиядан помидор экспорттоо квотасын 350 миңден 500 миңге тоннага жогорулаткандыгын жазган.

«Стар» гезити «Мишелин тизмсине Түркия картасына Измир менен Бодрум кошулат» деген маалыматында, дүйнөнүн эң престиждүү ресторандарына баа берген системалардын бири болгон Мишелин тизмеси Түркиядагы тандоосуна Измир менен Бодрумду да кошо тургандыгын маалымдаган.  Мишелин тизмесинин эл аралык директору Гвендаль  Пулленнек : «Бул эки аңы аймакты Мишелин тизмесине кошуп, Түркиянын негизги гастрономиялык бир жер экендигин дүйнөгө жайылтууну каалайбыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар