Түрк басма сөзү 12.07.2023
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган менен Байден жолугушту» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байден НАТО саммитинин алкагында кечээ 1 саат 15 мүнөткө созулган жолугушуу өткөрүшкөнүн жазган. Жолугушууда Түркия менен АКШнын ортосундагы саясий, экономикалык жана соода карым-катнаштары, коопсуздук тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү жана аймактык маселелер каралды.
«Стар» гезити «Эрдоган: Мындан кийин эч качан жол бербейбиз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Сребреница кыргынында каза болгондорду эскерип: «Бүгүн 28 жыл мурункуга караганда экономикасы, дипломатиясы, мүмкүнчүлүктөрү жана жөндөмдүүлүктөрү менен алда канча күчтүү жана абройлуу Түркия бар. Өлкө катары биз бул жердеги азап-тозоктун кайталанышына эч качан жол бербейбиз»,-деп айтканын баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Улуттук коргоо министри Гүлер америкалык кесиптеши Остин менен сүйлөштү» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Яшар Гүлер менен АКШнын коргоо министри Ллойд Жеймс Остин кечээ телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган. Анда Швециянын НАТОго мүчөлүгү жана F-16 сатып алуулары/модернизациясы каралды.
«Сабах» гезити «Министр Мехмет Шимшек билдирди» деген кабарында казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин 26-майда 98,5 миллиард доллар болгон Борбордук банк резервинин 30-июнда 108,6 миллиард долларга жогорулаганын билдиргенин жазган.
«Ватан» гезити «Улуттук согуштук учак КААН алгачкы сыноолорун баштады» аттуу кабарында Түрк авиация жана космос өнөр жайынын башкы директорунун орун басары Өзкан Алтайдын улуттук согуштук учак KAANдын өндүрүшү жана дизайны менен чогултуусун кыска убакытта бүтүрүп, алгачкы жергиликтүү сыноолорду баштаганын жана такси операциясын жүргүзгөнүн айтканын баяндаган. Алтай: «Учагыбызды жылдын аягында асманга алып чыгууну пландап жатабыз»,-деди.