Түрк басма сөзү 15.06.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1999982
Түрк басма сөзү 15.06.2023

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Швеция өз милдетин аткарышы керек» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Азербайжанга болгон сапарынан кийин учакта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: «Биринчи кезекте Швеция өз милдетин аткарышы керек. Бул террордук уюмдун (ПКК) жасаганын Швеция биротоло жок кылышы керек»,-деп айтканын баяндаган.

«Йенишафак» гезити «АКШнын Түркиядагы элчисинен мактоо» деген кабарында Америка Кошмо Штаттарынын Анкарадагы элчиси Жеффри Флейк : «Түркиядан башка эч бир өлкө Монтре конвенциясын иш жүзүнө ашыруу менен Орусия менен Украинанын ортосундагы кагылышууну көзөмөлгө ала алмак эмес. Жана башка эч бир өлкө Кара деңиз дан демилгесин ийгиликтүү ишке ашыра албайт болчу»,-деп айтканын берген.

«Хабер түрк» гезити «Улуттук куралдуу учкучсуз учуучу аппарат Bayraktar TB2 Түркиядан Кувейтке экспорттолот» деген маалыматында Түркиядан көптөгөн өлкөлөргө экспорттолгон улуттук Bayraktar TB2 үлгүсүндөгү  куралдуу учкучсуз учуучу аппаратты Кувейт да сатып алат. Кувейт мамлекети менен Байкардын ортосундагы экспортко байланыштуу келишим процессинин ийгиликтүү аяктаганы билдирилгенин жазган.

«Стар» гезити «Германиялык TUIден Түркия билдирүүсү! Талап күчөп жатат» деген макаласында Германиянын туристтик оператору TUI 2023-жылы күчтүү жай мезгили күтүлүп жатканын жарыялаганын маалымдаган. Билдирүүдө Түркиянын эс алуу шаары Антальяга суроо-талап жогору экени айтылды.

«Ватан» гезити «Уралоглу: 2023-жылы 299 миңден ашуун круиздик жүргүнчүнү кабыл алдык» деген кабарында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу: «2023-жылдын биринчи 5 айында 299 миңден ашуун круиздик жүргүнчүнү кабыл алдык»,-деп круиздик сапарларга баа бергенин жазган.



Тектеш кабарлар