Түрк басма сөзү 2.06. 2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1994392
Түрк басма сөзү 2.06. 2023

«Хабер түрк» гезити «Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында акыркы жыйынтыктар жарыяланды» деген кабарында Жогорку Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенердин 28-майда болгон президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын акыркы жыйынтыгын жарыялагандыгын жазган. Йенер президент Режеп Таййип Эрдогандын добуштардын 52,18 пайызын, Кемал Кылычдароглунун добуштардын 47,82 пайызын алгандыгын айтты.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу Швецияга чакыруу салды» деп билдирип,  тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Швециянын НАТО мүчөлүгүнө байланыштуу : «Үч тараптуу меморандумдан келип чыккан милдеттенмелериңерди аткаргыла жана террор менен күрөшүүдө конкреттүү кадамдарды таштагыла»,- деген чакыруу салды.  

«Стар» гезити «133 өлкө Түркия деди» деген макаласында 2022 -  жылы түрк компанияларынын чет өлкөдөгү подряддык иштери 19,1 миллиард доллардан ашкандыгын белгилеген. Подряддык иштер 133  өлкөдө жүргүзүлгөн. Эң көп курулуш курулган аймак Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана Европа болду.

«Йени шафак» гезити «Шайлоодон кийин Россиядан Түркияга талап көбөйдү» деген маалыматында Түркияда  28 -  майда болгон президенттик шайлоодон кийин Россиядан Түркия турларына талаптардын көбөйгөндүгүн жазган. Россия тур опрераторлору биримдиги Түркиядагы шайлоодон кийин тур талаптарында өсүүнүн 50 пайызга жеткендигин билдирген.

«Сабах» гезити «Антальяга турист агымы» деген кабарында Түркиянын туризм бейиши деп билинген Антальяга турист агымынын келип жаткандыгын кабарлаган. Шаарга бул жылы аба жолу аркылуу келген турист саны 3 миллион 405 миң 458 кишиге жетти.



Тектеш кабарлар