Түрк басма сөзү 1.06.2023
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Стар» гезити «Эрдоган: Президенттик башкаруу системасы элден ишеним добушун алды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын «14-май жана 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгынын бири президенттик башкаруу системасынын элден ишеним добушун алганы болду»,-деп айтканын баяндаган.
«Сабах» гезити «Эрдоган-Путин жолугушуусуна байланыштуу Кремлден билдирүү» аттуу кабарында Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин акыркы телефондук сүйлөшүүсүндө бетме-бет жолугушуу ниети ырасталганын айтканын маалымдаган. Азырынча жолугушуунун убактысы жана орду чечиле электигин белгилеген Песков: «Ушундай макулдашуу бар, бул жолугушууга даярданып жатабыз деп айта алам»,-деди.
«Хүррийет» гезити «Түркия экономикасы биринчи чейректе күчтүү өстү» деген маалыматында Түркиянын статистика мекемесинин түрк экономикасынын быйылкы жылдын биринчи чейрегиндеги өсүү көрсөткүчүн жарыялаганын белгилеген. Түркия биринчи чейректе 4 пайыздык өсүштү көрсөткөнүн белгиледи.
«Ватан» гезити «Стамбул аэропортунан 205 миллиондон ашык жүргүнчү саякаттады» деген макаласында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун 2018-жылдын 29-октябрында ачылган Стамбул аэропортуна 1 миллион 417 миң каттам жасалып, 205 миллиондон ашуун жүргүнчү саякаттаганын билдиргенин маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Эки круиздик кеме менен Бодрумга 1982 турист келди» деген кабарында кечээ келген эки круиздик кеме менен 1982 турист Мугланын Бодрум районуна келгенин маалымдаган. Туристтердин бир бөлүгү деңизге барса, кээ бирлери базарга барып соода кылышты.