Түрк басма сөзү 31.05.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1993230
Түрк басма сөзү 31.05.2023

«Стар» гезити «Эрдоган: Тынчтык жана туруктуулук үчүн иштейбиз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын палаталар жана биржалар биримдигинин Жалпы кеңешинин 79-жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: «Жакын чөйрөбүздөгү кризистердин чечилишинде зарыл болгон чараларды көрүп, тынчтык жана ырааттуулуктун аймагыбызда кайрадан өкүм сүрүшү үчүн аракет кылабыз. Дипломатиялык карым-катнаштарыбыз аркылуу чөлкөм өлкөлөрү менен экономикалык жана соода кызматташтыгыбызды да бекемдейбиз»,- деди.

«Хабертүрк» гезити «Чыгыш Кара деңизден 4 айда 28,5 миллион долларлык түрк лосось балыгы экспорттолду» аттуу маалыматында Чыгыш Карадеңиз аймагынан январь-апрель мезгилинде түрк лосось экспорту 227 пайызга өсүп 28 миллион 479 миң 226 долларга жеткенин билдирген.  

«Хүррийет» гезити «Караисмаиоглу: 3-поезд комплектинин ушул жылдын 3-чейрегинде даяр болушу пландалууда» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу, 27-майда сапарын баштаган улуттук поездге байланыштуу 3-поезд комплектинин завод сыноолорунун уланып жатканын айтып: «Үстүбүздөгү жылдын 3-чейрегинде жүргүнчүлөрдү ташууга даяр болушу пландалууда»,- дегенин жазган.

«Йенишафак» гезити «THY эң күчтүү авиакомпаниялардын тизмесинде 8-орунга көтөрүлдү» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун (THY) алдыңкы эл аралык бренд баалоо агенттиги Brand Finance тарабынан 2023-жылга карата «Дүйнөдө эң күчтүү авиакомпания бренддери» изилдөөсүндө 78,1 балл менен 8-орунду ээлегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Галатасарай Супер Лигада чемпион» аттуу кабарында Спор Тото Супер Лигада MKE Анкарагүжүн 4-1 эсебинде жеңген Галатасарай, бүтөөрүнө 2 апта калганда чемпиондугун жарыялаганын жазган. Ушундайча сары-кызыл команда 3 жылдан кийин 23-ирет лига чемпиону болду.



Тектеш кабарлар