Түрк басма сөзү  30.05.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1992771
Түрк басма сөзү  30.05.2023

«Хабер түрк» гезити «Байден жана Путин Эрдоганды куттуктады» деген кабарында АКШнын президенти Жо Байден менен Россиянын президенти Владимир Путиндин президент Эрдоганга телефон чалып кайрадан шайланышы менен куттукташкандарын, эки лидердин Түркия менен карым  - катнаштардын маанисине токтолушкандарын жазган.

«Йени шафак» гезити «Түркияга дос болгон жеңет» деп жазып, дүйнө «2023 -  жылдын эң маанилүү шайлоосу» деп караган  28 -  майда президент Эрдогандын жеңишинин НАТОдон Европа Биримдигине, Россия  - Украина согушунан Жакынкы Чыгыш, Жер Ортолук деңиз, миграция жана Чыгыш -  Батыш карым  - катнаштарына чейин бир нече глобалдык теңдемеге таасирин тийгизе тургандыгын белгилеген.Ушул себептен бир топ өлкөнүн лидери Эрдоганды дароо куттуктап : «Кызматташуу түзүү» тууралуу билдирүүлөрүн билдиришти.

«Стар» гезити «Түркия кылымы башталды» деген макаласында президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун президент Эрдогандын лидерлигинде Түркия кылымынын башталгандыгын айтканын жазган. Алтун : «Боордош, дос жана союздаш өлкөлөрдү бул ыйык  күндө күчтүү жана чоң Түркиянын жанында көрүүдөн кубанычтабыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Иш дүйнөсүнөн ишеним жана туруктуулук билдирүүлөрү» деп билдирип, президент Эрдогандын шайлоодо утуп чыгышы иш дүйнөсүн да кубанткандыгын белгилеген. Иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү : «Эл ишеним жана туруктуулукту жактады. Жаңы мезгил Түркиянын кылымы болот»,- деди.

«Ватан» гезити  : «Экономикалык ишеним индекси акыркы 20 айдын эң жогорку деңгээлинде» деген маалыматында казына жана каржы министри Нуреддин Небатинин  Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Экономикалык ишеним индекси май айында мурунку айга салыштырмалуу 1,5 балл өсүп, акыркы 20 айдын эң жогорку деңгээли болгон 103,7ге жетти»,- деп билдиргенин маалымдаган.

 

 



Тектеш кабарлар