Түрк басма сөзү 18.05.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1987978
Түрк басма сөзү 18.05.2023

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Дан коридору келишими дагы 2 айга узартылды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ борбор шаар Анкарада билдирүү жасап, «Өлкөбүздүн аракети, орус досторубуздун колдоосу жана украиналык досторубуздун салымы менен Кара деңиз дан коридору келишимин дагы 2 айга узартуу чечими чыгарылды. Бүткүл дүйнөгө пайдалуу болсун»,-деп айтканын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Чавушоглунун Charlie Hebdo журналынын ыпылас мукабасына каршы чыгуусу» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Франциянын Charlie Hebdo журналынын акыркы санында президент Режеп Таййип Эрдогандын бутага алынышына каршы чыкканын маалымдаган. Чавушоглу Твиттердеги баракчасында : «Адамзаттын колдоосун көрбөгөн ыпылас Charlie Hebdo түрк улутуна акаарат кылууну улантууда. Унутпайлы! Жамандыкты мактагандар, ар дайым өз жек көрүүсүнө, бузукулуктарына батып кетишет»,-деп айтты.

«Ватан» гезити «Министр Небати: Жумушсуздук 2018-жылдан бери биринчи жолу бир орундуу санга түштү» деген кабарында казына жана каржы министри Нуреддин Небатинин сөздөрүнө орун берген. Небати:«Жумушсуздуктун деңгээли 9,9 пайызга чейин азайып, 2018-жылдын биринчи чейрегинен бери биринчи жолу квартал сайын бир орундуу санга түштү», - деди.

«Хабер түрк» гезити «Жаштар Түркияда калктын 15,2 пайызын түзөт» аттуу кабарында Түркиянын Статистика мекемесинин «Статистика менен жаштар 2022» изилдөөсүнө караганда Түркияда калктын 15,2 пайызын 15-24 жаш тобундагылар түзөөрүн жарыялаганын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Мармаристе 480 жүргүнчүсү бар круиздик кеме» аттуу кабарында Багама желектүү «Seabourn Encore» круиздик кемеси Мугланын Мармарис районуна келгенин жазган. Мармарис круиз портунун чоң пристанына токтогон 210 метр узундуктагы Багама желектүү кемеде көпчүлүгү АКШ жана Англия жарандары болгон 480 жүргүнчү жана 460 экипаж мүчөсү болгондугу белгиленди.



Тектеш кабарлар