Түрк басма сөзү 17.05.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1987332
Түрк басма сөзү 17.05.2023

«Ватан» гезити «Түркиядагы шайлоо дүйнөнүн көңүлүн бурууда» аттуу кабарында Түркиянын 13-президентинин ким болоорун аныктоо үчүн шайлоочулардын 28-майда дагы бир жолу добуш берип, Режеп Таййип Эрдоган менен Кемал Кылычдароглунун бирин тандай турганын билдирген. 2023-жылдын эң маанилүү окуяларынын бири катары көрсөтүлгөн шайлоого жакындан байкоо салган көптөгөн эл аралык телеканал жана гезиттер жагдайды көз ирмем сайын окурмандары жана көрүүчүлөрү менен бөлүшүүдө.

«Стар» гезити «Дүйнө жүзү Түркия жөнүндө кеп кылууда» аттуу маалыматында 14-майдагы президенттик жана парламенттик шайлоонун дүйнөлүк басма сөзгө чагылуулары уланып жатканын жазган. «Вашингтон Пост» гезити «Түркиядагы шайлоонун экинчи айлампасында Эрдогандын артыкчылыгы бар» деген кабарды жарыялады. Ал эми Financial Times гезити «Эрдоган үстөмдүгүн сактоодо» деп жазды. Германиянын Spiegel журналы болсо «Сурамжылоолор туура эмес чыкты. Эрдоган эң жакшы жыйынтыкка ээ болду», деген сөздөрдү колдонду.

«Хабер түрк» гезити «Жогорку шайлоо кеңешинен чет өлкөдө добуш берүү чечими» аттуу кабарында Жогорку Шайлоо Кеңеши Түркияда 28-майда өткөрүлө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн АКШ, Канада, Австралия, Ирландия жана Англияда 2 күн болгон добуш берүү мөөнөтүн 4 күнгө узартуу чечимин чыгарганын билдирген. Аталган өлкөлөрдө шайлоочулар 20-24-май аралыгында добуш бере алышат.

«Йени шафак» гезити «Эрдоган: Акыркы террорист жок кылынмайынча токтобойбуз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Шырнактын Бестлер Дерелер аймагында жикчил террордук уюм ПККга каршы операцияда шейит болгон аскерлерга байланыштуу көңүл айтканын жазган. Эрдоган билдирүүсүндө: «Жикчил террордук уюм ПКК жана анын уландыларына каршы чек араларыбыздын ичинде жана тышындагы күрөшүбүздү чечкиндүү түрдө улантып, акыркы террорист жок кылынмайынча токтобойбуз»,-деди.

«Сабах» гезити «Чанаккаледеги шейиттик табылды» аттуу кабарында Чанаккале Онсекиз Март университетинин (ÇOMÜ) Ататүрк жана Чанаккале согуштарын изилдөө борборунун (AÇASAM) директору доктор Барыш Борлат менен Аскердик тарых адиси Өмер Арслан, 1000 архив документин талдап 108 жылдан кийин Конкбайыры согушунун дайынсыз шейиттигин тапканын билдирген. Арслан: «Биз бул жерде шейиттерибиздин баш сөөктөрү менен сөөк калдыктарын жана көрүстөн түрүндөгү үйүлгөн таштарды көрдүк»,- деди.



Тектеш кабарлар