Түрк басма сөзү 15.05.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1986381
Түрк басма сөзү 15.05.2023

«Стар» гезити «Түркия өз тандоосун кылды» аттуу кабарында 14-майдагы президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоодо добуш берүү процесси аяктагандан кийин үкөктөрдүн дээрлик бардыгынын ачылганын билдирген. Расмий эмес жыйынтыктарга караганда президент Режеп Таййип Эрдогандын добушу 49,40 пайыз, Кемал Кылычдароглунуку 44,96 пайыз, Синан Огандын добушу 5,2 пайыз болду.

«Йени Шафак» гезити «Республика жеңди» аттуу маалыматында расмий эмес жыйынтыктарга караганда 14-майдагы парламенттик шайлоодо Элдик альянс 49,37% менен тарыхый ийгиликке жетишкенин жазган. Альянс 600 орундуу парламентке 323 депутатты киргизет. Республикалык Элдик партия, Жакшы партия, Дева, Келечек, Саадет жана Демократиялык партиядан турган Улут Альянс болсо 214 депутатты шайлай алды.

«Сабах» гезити «Элдик өнөктөштүктүн жеңиши» аттуу кабарында 14-майда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын такталайын деп калганын жазган. Элдик альянстын президенттикке талапкери Режеп Таййип Эрдоган 7 партиядан турган коалициянын талапкери Кемал Кылычдароглунан болжол менен 5 пайызга озуп кетти. Ал эми Элдик альянс парламентте көпчүлүктү алды. Бул жыйынтыктардан кийин АК партия менен Элдик альянстын шайлоочулары жеңишти көчөлөрдө чоң кубануу менен белгилешти.

«Хабертүрк» гезити «Эрдоган: Өз тандоосун үкөктөргө чагылдырган жарандарыма ырахмат айтамын» аттуу кабарында президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Режеп Таййип Эрдоган, 14-майдагы шайлоо менен Түркиянын дагы бир демократиянын майрамын чоң шыктануу менен аяктаганын айтканын билдирген. Шайлоонун так жыйынтыгы чыга элек болсо да алда канча алдыда экенин белгилеген Эрдоган, рекорддук көрсөткүч менен шайлоого барып өлкөсүнүн жана өзүнүн келечеги үчүн тандоосун үкөктөргө чагылдырган жарандарга ыраазычылык билдирди.

«Ватан» гезити «Алиев Эрдоганды куттуктады» аттуу кабарында Азербайжандын президенти Илхам Алиев президент Эрдоганга телефон чалып, шайлоодо көпчүлүк добуш алганы үчүн куттуктаганын жазган. Алиев Эрдогандын жетекчилигинде Түркиянын чоң жолду басып өткөнүн жана натыйжада түрк элинин бул шайлоолордо да президент Эрдоганга болгон ишенимин көрсөткөнүн белгиледи. Эрдоган болсо Алиевге куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар