Түрк басма сөзү 11.05.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1985105
Түрк басма сөзү 11.05.2023

«Хүррийет» гезити «Эрдогандын Батмандагы билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Батмандагы сөзүндө Түркиянын ар бир адам үчүн алда канча эркин, коопсуз жана бейпил жер катары белгилене турганын айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Министр Акардын дан коридору тууралуу билдирүүсү» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын 22-июлда кол коюлган Кара деңиз дан келишими менен Украинадан муктаж болгондорго 30 миллион тонна эгин жеткирилгенин белгилеп: «Бул иш үзгүлтүккө учурабашы жана стабилдүүлүктүн уланышы үчүн сүйлөшүүлөрүбүздү улантып жатабыз»,-деп айтканын берген.

«Хабер түрк» гезити «Москвадагы Төрттүк жолугушуудан кийин орток жол картасы чечими» деген маалыматында кечээ Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүлгөн «Сирия» жыйынында Түркия, Орусия, Сирия жана Ирандын тышкы иштер министрлери Түркия-Сирия карым-катнаштарынын алдыга жылуусу үчүн жол картасын даярдоо чечимине келишкенин маалымдаган. Жолугушууда сириялыктардын мекенине ыктыярдуу, аман-эсен жана татыктуу кайтып келишине көмөктөшүү талабы коюлду.

«Стар» гезити «F-16 Өзгүр үчүн артка санак» деген кабарында Президенттикке караштуу коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демирдин F-16 учактарынын ата мекендик электрондук системалары менен жаңыланышы менен пайда болгон F-16 Өзгүрдүн 2023-жылы аба мейкиндигинже көрүнө турганын айтканын жазган.

«Йени шафак» гезити «Барбарос Хайреддин Паша Кара деңизде мунай издеп жатат» деген кабарында Түркия Чыгыш Кара деңиз аймагында мунай үчүн сейсмикалык чалгындоо иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган. «Барбарос Хайреддин Паша» сейсмикалык чалгындоо кемеси тарабынан аткарылган иштердин алкагында деңизиндин Орду жана Ризеге жакын жеринде эки жаңы бургулоо жана жаңы мунай табылгалары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар