Түрк басма сөзү  05.05.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1982934
Түрк басма сөзү  05.05.2023

«Хүррйиет» гезити  «Дүйнөнүн көзү Түркияда» деген кабарында 14 -  майда Түркияда боло турган шайлоо тууралуу көптөгөн телекөрсөтүү жана гезиттин  окурмандары жана көрүүчүлөрү менен бөлүшүп жаткандыгын жазган.  Немис тилинде чыккан Frankfurter Allgemeine гезити «Франкфурт башкы консулдугунун алдында калың эл» деген кабар жарыялагандыгын билдирген.  Кабарда «Президенттик шайлоо үчүн добуш берүүнү каалаган түрктөрдө добуш берүү эркинин күчтүү экендиги байкалууда»,- деп айтылган.

«Йени шафак» гезити «Добуш берүүгө Европа тоскоолдугу» деп жазып, президенттик жана парламенттик шайлоого өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө добуш берүү улантылууда жана немис өкмөтү 9 добуш берүү аймакты коопсуздукту негиз катары көрсөтүп тизмеден чыгарганын белгилеген. Данияда болсо түрк жарандары добуш бере турган жерде исламга каршы кыймылдарды камтыган ураандар ачылды. Франциянын Марсель шаарында да добуш берүүгө барган жарандарга кол салган группаларга коопсуздук күчтөрү кийлигишкен жок.

«Стар» гезити «Дан келишиминде ишенимдүү ортомчу Түркия» деген макаласында Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сияртонун Россия  -  Украина согушундагы бир гана ийгиликтүү ортомчулук демилгесинин Дан келишими экендигине көңүлдөрдү буруп : «Ушул себептен да келерки мезгилде тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн Түркиянын чоң роль ойношу керектигин ойлоп жатам»,- дегенин маалымдаган.

«Ватан» гезити «Түркия үчүн жаңы мунай сүйүнчүсү» деп билдирип, Түркия мунай акционердик өнөктөштүгү ТПАО Жуди – Габарда табылган мунай тууралуу : «Түркияда кургактык аянттарында ушул кезге чейин жүргүзүлгөн эң чоң изилдөө»,- деген билдирүү жасагандыгын жазган. Аянттагы мунай көлөмү болжол менен 1 миллиард баррель экендиги билдирилген маалыматта  : «Жуди  -  Габар аймагында жаңы изилдөө потенциалы да жогору»,- деп айтылды.

«Сабах» гезити «Стамбул эл аралык каржы борбору болот» деген маалыматында Стамбул каржы борборунун башкы директору Ахмет Ихсан Эрдемдин Стамбул каржы борборунун физикалык жактан заманбап жана бардык кызматкерлердин жана инвесторлордун бардык муктаждыктарын канааттандыра турган түзүлүштө курулганын айтты. Стамбулдун глобалдык экономиканын жүрөгү соккон жер экенин баса белгилеген Эрдем : «Стамбул каржы борбору менен Стамбул өз аймагында да, дүйнөдө да эл аралык каржы борборуна айланат»,-деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар