Түрк басма сөзү 3.05.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1981913
Түрк басма сөзү 3.05.2023

«Сабах» гезити «Эрдоган жарыялады: Жуди-Габарда жаңы мунай запасы табылды» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Коньяда катышкан массалык ачылыш аземинде жаңы сүйүнчүсүн билдиргенин жазган. Террордон тазаланган аймактарда жаңы мунай запастарынын табылганын жарыялаган Эрдоган: «Жуди, Габарда күнүмдүк 100 миң баррель өндүрүш кубаттуулугундагы мунай зат таптык. Жизреден 20 километр алыстыкта ​​жайгашкан бул мунай кору жогорку сапатта»,- деди. Эрдоган табылган мунай кенине террористтер шейит кылган мугалим Айбүке Ялчындын ысымын ыйгарышкандарын айтты.

«Стар» гезити «Түркиядан Сириядагы операцияларга байланыштуу ачык билдирүү» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ катышкан телепрограммада Сирияда террордук уюм ДЕАШтын лидери жок кылынган операция тууралуу: «АКШнын басма сөзүндө мунун маанилүү жана ийгиликтүү болгондугу жөнүндө билдирүүлөр жасалды. Биз баскынчы эмеспиз. Сириянын, Ирактын эгемендик укуктарын сыйлайбыз. Биздин жалгыз максатыбыз - терроризмге каршы күрөш»,- деди.

«Хабертүрк» гезити «Чавушоглу: 6 жылда 17 миң террористти жок кылдык» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын өзүн коргоо укугунун алкагында Сирияда жүргүзгөн операцияларында 6 жылда 17 миң террористти жок кылганын айтканын жазган.

«Хүррийет» гезити «Каан дүйнөлүк басма сөздө» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Улуттук согуштук учактын аталышынын КААН экенин билдиргенин баяндаган. Эрдогандын билдирүүлөрү дүйнөлүк басма сөздө кеңири чагылдырылып, өткөрүлгөн азем үчүн «чоң күч көрсөтүүсү» деп сереп салынды.

«Ватан» гезити «Түрктөр үчүн паспорт жана виза талап кылынбайт» аттуу кабарында түрк жарандарынан виза талап кылбаган өлкөлөргө жаңысы кошулганын жазган. Түркиянын Каирдеги убактылуу ишенимдүү өкүлү Салих Мутлу Шен өз билдирүүсүндө: «Жарандарыбыз Египетке алдын ала визасыз кире алышат. Жолуңуз ачык болсун»,-деди.



Тектеш кабарлар