Түрк басма сөзү 24.04.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1978424
Түрк басма сөзү 24.04.2023

«Йени шафак» гезити «Өлкөдө 23-апрель кубанычы» аттуу кабарында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 103 жылдыгы жана 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамы өлкө боюнча кубанычтуу белгиленгенин жазган. Түркиянын 81 облусунда майрамдан улам салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Жекшемби жана Рамазан майрамына туш келгендиктен кечээ башталган иш-чаралар бир жума бою уланат.

«Хабер түрк» гезити «Дүйнөдөгү биринчи SİHA кемеси президент Эрдоганга салам берди» аттуу маалыматында дүйнөнүн биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (SİHA) конуучу кемеси TCG Анадолунун, 23-апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамында Босфор кысыгынан өткөнүн билдирген. Босфордон өтүп баратканда президент Режеп Таййип Эрдоганга да салам берген кемеден 21 жолу замбирек атылды.

«Сабах» гезити «Керемет жана сыймык» аттуу кабарында президент Эрдогандын эң чоң кыялдары болгон TCG Анадолу долбоорун ишке ашырышкандарын айтканын билдирген. Кийинки максаттарынын TCG Анадолудан дагы чоңураагын куруу экенин баса белгилеген Эрдоган: «Бул темаларда испандар жана британдар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм. Бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки тараптан тең абдан оң жоопторду алдык»,-деди.

«Стар» гезити «Германиялык саясатчыдан Түркияга мактоо» аттуу маалыматында германиялык саясатчы жана жазуучу Кристоф Хорстел Түркиянын көз карандысыз саясаттарын мисал кылганын жазган. Германиянын да Вашингтондон көз карандысыз болушу үчүн Түркиянын саясатын карманышы керектигин белгилеген Хорстел, Европаны туура жолго сала турган мамлекеттик ишмердин президент Режеп Таййип Эрдоган болорун айтты.

«Хүррийет» гезити «Форбестен көңүлдү бурган TB2 сереп салуусу» аттуу кабарында дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүнө экспорттолгон, согушта жана тынчтыкта кызмат ала турган Түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары (SİHA) бул ирет Америка басмасынын күн тартибинде орун алганын жазган. Түрк коргоо өнөр жайынын алдыңкы фирмаларынан Байкар чыгарган дрондорго басым жасаган Forbes журналы көңүлдү бурган талдоосун жарыялады. Журнал «Түрк дрон өнөр жайы, акыркы жылдары дүйнөдө ондогон өлкө тарабынан сатып алынган Байрактар ​​TB2 дрону менен өнүктү»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар