Түрк басма сөзү 18.04.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1976428
Түрк басма сөзү 18.04.2023

«Хабер түрк» гезити «Стамбул Финансы борбору ачылды» деп билдирип, Стамбул финансы борбору долбоорунда банктар этабынын ачылгандыгын билдирген президент Режеп Таййип Эрдогандын аземде сөз сүйлөп : «Бул борбордун негизги баалуулугу канчалык стратегиялык жана көз карашы кенен долбоор экендиги алдыбыздагы жылдарда дагы жакшы түшүнүлөт»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Министр Акар : 12 террорист жок кылынды» деген кабарында, Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ террордук уюм ПККнын Сириянын түндүгүндө 4 аскер жаракат алган кол салууга жооп кайтарылгандыгын жана 12 террористтин жок кылынгандыгын айтканын маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Министр Дөнмез : жаратылыш газ скважинасынын клапаны ачылды, газ тарта баштадык» деп жазып, Энергетика жана жарытылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин Кара деңиз газынын кургактыкка чыгарылышында келинген акыркы этап тууралуу : «Кечээ кечинде жаратылыш газ скважиналарынын клапандарын ачып, негизги өткөргүч линияларына газды басууга кириштик. Максатыбыз бейшемби күнү  кургактыкка чыгаруу»,- деди.

«Сабах» гезити «АКШдан Түркия үчүн Ф  - 16  чечими» деген маалыматында АКШнын Мамлекеттик департаменти Конгресске учурдагы Ф -16 согуштук учактарынын байланыш системасы болгон Link-16 тактикалык маалымат байланыш тармагынын модернизациялоо комплекттерин Түркияга сатууну бекиткенин билдирген.

«Ватан» гезити «Министр Варанк : İMECEнин жергиликтүү көрсөткүчү 90 пайызга жетти» деген кабарында, Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын : «İMECE спутнигибиздин жергиликтүүлүк көрсөтүчү 90 пайызга жетти. Анткени биз İMECEнин ичиндеги каражаттарды да жергиликтүү жана улуттук деңгээлде чыгардык»,- деди.



Тектеш кабарлар