Түрк басма сөзү 3.04.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1968688
Түрк басма сөзү 3.04.2023

«Сабах» гезити Тышкы иштер министрлигинен АКШга жана Кипрдин Рум тарабына абдан ачык эскертүү: Эч ким тие албайт...» аттуу кабарында Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Жерси штатынын улуттук гвардиясынын Кипрдин Рум башкаруучулугу менен келишимге кол коюусун айыптаганын жазган. Билдирүүдө: «Негизги мекен жана кепил өлкө Түркия турган жерде Кипр түрктөрүнө эч качан даап бара албастыгынын чындыгын Кипрдин рум тарабынын түшүнүүсүн үмүт кылып, Кипр түрк элинин коопсуздугун камсыз кылуучу ар кандай кадамдарды таштоону улантарыбызды баса белгилейбиз»,-деп айтылды.

«Ватан» гезити «Акар: акыркы 3 айда 340 террорист жок кылынды» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акар кечээки билдирүүсүндө: «Түрк аскерлери акыркы 3 айда 340 террористти жок кылды. Булардын артында ким турса дагы, курал-жарак, тик учак, ок-дары же акча берсе дагы террористтерди таасирсиз кылууга чечкиндүүбүз»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Британ медиасы: Байрактар ​​TB2 Орусиянын аскердик артыкчылыгын бузду» аттуу кабарында Орусия менен Украина колдонгон учкучсуз аппараттарды салыштырган британ басма сөзүндө Байрактар ​​TB2ге көңүл бурулганын билдирген. Британ басма сөзүндө «Байрактар ​​TB2 Орусиянын аскердик артыкчылыгын бузууга жардам берди»,- деп сереп салынды.

«Йени шафак» гезити «Аккую маанилүү баскычка жетти» аттуу кабарында Түркиянын биринчи атомдук электр станциясы Аккую атомдук станциясынын (NGS) биринчи агрегатынын пайдубалы түптөлгөнүнө 5 жыл болгонун баяндаган. Бул процессте станциянын бардык агрегаттарынын пайдубалы түптөлүп, курулуш аянтчасында иш-аракеттер тынымсыз уланып жаткан долбоордо быйылкы жылы ишке бериле турган биринчи агрегат үчүн саналуу күндөр калды.

«Хүррийет» гезити «Антальяга 3 айда 797 миң 920 турист келди» аттуу кабарында 1-январдан 31-мартка чейин Антальяга келген туристтердин саны 797 миң 920 кишиге жеткенин жазган. Туристтердин саны боюнча орустар биринчи, немистер экинчи, британиялыктар үчүнчү орунду ээледи.



Тектеш кабарлар