Түрк басма сөзү 31.03. 2023
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

«Хүррийет» гезити «Улуттук Коопсуздук Кеңешинин билдирүүсүндө жер титирөөгө басым жасалды» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан кийин берилген маалыматта 6 - февралда болгон жер титирөөдөн кийин ортого чыккан абалга баа берилип, аймактагы турмуштун эртерээк калыбына келтирилишинин каралгандыгы белгиленди.
«Йени шафак» гезити «Финляндиянын НАТО мүчөлүгүнө уруксат берилди» деп билдирип, Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколунун бекитилишине байланыштуу мыйзам сунушу Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында кабыл алынгандыгын жазган.
«Ватан» гезити «Кызылелманын дагы бир ийгилиги» деген макаласында Байкардын толугу улуттук булактар менен чыгарган Байрактар Кызылелма учкусуз учуучу аскердик учагынын көк жүзүндөгү сыноолорунун ийгиликтүү улантылып жаткандыгын белгилеген. Орточо бийиктиктеги системаны аныктоо сыноосу да ийгиликтүү аяктады.
«Стар» гезити «Түркияга алгачкы сапар башталды» деп жазып, Израилдин El Al Group компаниясына караштуу Sun d'Or аба жолдорунун 16 жылдан кийин Түркияга каттамдарынын кайра башталганын жарыялады.
«Сабах» гезити «Россияда Түркиядагы жайкы эс алуу пакеттеринин 30 – 40 пайызы сатылды» деп билдирип, Россиянын тур операторлор биримдиги АТОР орус тур операторлорунун эрте орундук бөлдүрүү кампаниясынын негизинде Түркияда жайкы эс алуу пакеттеринин 30-40 пайызын сатканын жазган.