Түрк басма сөзү 28.03.2023
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

«Стар» гезити «Түркия Францияга каршылык көрсөттү» деген кабарында Франциянын Анкара элчиси Эрве Магро террордук уюм ПКК/ЙПГнын мүчөлөрүнүн Франция сенатында кабыл алынышы жана медаль тапшырылышынан улам Тышкы иштер министрлигине чакырылгандыгын жазган. Маргого террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ жана анын аялдар тобу ЙПЖнын мүчөлөрүнүн Франция сенатында кабыл алынышы жана «ардак медалы менен сыйланышы» Түркия тарабынан кабыл алынбагандыгы жана бул окуянын катуу айыпталгандыгы билдирилгендигин кабарлаган.
«Ватан» гезити "Акар: Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө уруксат бербейбиз" деп жазып, Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын жер титирөөдөн кийин 60 миң сириялыктын өз ыктыяры менен өлкөсүнө кайтып кеткендигин айтып : «Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө эч качан уруксат бербейбиз, мындай нерсе сөз болбойт»,-дегенин билдирген.
«Йени шафак» гезити «Варанк : Байрактар ТБ 3төр Түркияга стратегиялык артыкчылык алып келет» деген макаласында Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын Байрактар TБ 3 менен байланыштуу билдирүүсүндө: «Түрк деңиз флотунун эң чоң аскердик кемеси жана дүйнөдөгү биринчи куралдуу кемеси боло турган TCG-ANADOLUга учуп-коно ала турган Байрактар TБ 3 учактары Түркияга стратегиялык артыкчылык алып келет»,-дегенин маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «АНКА жана УЛАКтан 4.5G учушу» деп билдирип, Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын улуттук база станциясы УЛАКтын АНКА учкучсуз учуучу аппаратына интеграцияланып биринчи жолу 4,5G кызматынын берилгендигин билдирди.
«Сабах» гезити «Түркиянын деңиз үлүлүнүн экспорту 3,2 миллион доллардан ашты» деген кабарында Түркиядан жылдын январь - февраль айларында жасалган деңиз үлүлү экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 62 пайызга өсүп, 3 миллион 279 миң 143 долларга жеткендигин маалымдаган.