Түрк басма сөзү 21.03.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1962710
Түрк басма сөзү 21.03.2023

«Хабер түрк» гезити  «Эрдоган : Жер титирөөнүн чыгымы 104 миллиард доллар» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын жер титирөөнүн чыгымы 104 миллиард доллар экендигин айтканын жазган. Жер титирөөдө кулаган бардык шаарларды кайрадан курушарын белгилеген Эрдоган : «Максатыбыз 1 жылда жер титирөө болгон аймактын муктаждыктарын камсыз кыла ала турганчалык санда курулушту куруу»,- деди.

«Сабах» гезити «Эрдоган : Бул тилектештикти унутпайьыз» деп билдирип, президент Эрдогандын жер титирөө апаатынан жабыркагандар үчүн Брюсселде уюштурулган иш  - чарага түз байланыш аркылуу катышкандыгын белгилеген. Эрдоган : «Бул кыйын күндөрдө бардык досторубуздун мекемелери менен мүчө жана талапкер өлкөлөрү менен Европа Биримдиги, БУУ жана башка эл аралык  уюмдардын берген жардамын эч качан унутпайбыз»,- деди.

«Стар» гезити «Европа Биримдигинен жер титирөө боюнча Түркияга1 миллиард евролук жардам» деген макаласында Европа Биримдиги комиссиясынын  төрайымы Фон дер Ляйендин : «Европа Комиссиясы жер титирөөдөн кийин кайрадан куруу үчүн Түркияга 1 миллиард евро жардам берет»,- дегенин кабарлаган. Ляйен Түркия жана Сириядагы жер титирөө болгон аймактарга жардам берүүгө чакырды.

«Йени Шафак» гезти : «Чавушоглу-Дендиас жолугушуусу» деп жазып, Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркиядагы жер титирөө жана Грециядагы поезд кырсыгында эки өлкөнүн бири  -бири менен тилектештик ичинде экендигин баса белгилегенин жазган. Чавушоглу мунун эки тараптуу карым-катнаштарга да чагылгандыгын жана жакынкы келечекте кайрадан жолугушуу боюнча макулдашкандарын белгилеп, Дендиасты Түркияда тосуп алуудан кубанычта болоорун же качан, кайда мүмкүнчүлүк боло турган болсо жолгуша аларын айтты.

«Хүррийет» гезити «Дүйнө Тоггдон сөз кылып жатат» деген маалыматында Түркиянын электрлүү автомобили Тоггдун АКШдагы дүйнөнүн эң чоң Каржоочу электрондук жарманкеси CES 2023тө мыкты төртүнчү марка болуп тандалгандыгын баяндаган. Тогг 3200 марканын арасында эң жогорку орунду алды.



Тектеш кабарлар