Түрк басма сөзү 20.03.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1962035
Түрк басма сөзү 20.03.2023

«Йенишафак» гезити «Дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына киребиз» аттуу кабарында президент Эрдогандын, Балыкесирдин Бандырма районундагы Түркиянын биринчи бор карбид өндүрүшүнүн ачылышында: «Бул ишкананын негизинде Түркия бор кенинин кошумча наркын гана жогорулатпастан, бор-карбид өндүрүү жана сатууда да маанилүү өлкөлөрдүн катарына кирүүдө» дегенин жазган.  

«Стар» гезити «Кара деңиз газы үчүн кубандыруучу жагдай» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Кара деңиз газынын ишке берилишине байланыштуу: «Апрель айынын аягында Кара деңиз газын кургактыкта колдоно баштайбыз»,-дегенин билдирген.

«Хабертүрк» гезити «Коммуникация башкармалыгынан "Биз сени мененбиз Түркия" акциясы» аттуу кабарында Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн кийинки глобалдык тилектештик жана жардам мобилизациясынын негизинде «Биз сени мененбиз Түркия» акциясы башталганын жазган.

«Хүррийет» гезити «CNN Греция: Түркия абдан маанилүү бир нерсени далилдеди» аттуу маалыматында CNN Греция, Түркиянын сыймыгы болгон Улуттук согуштук учактын Ангардан чыгышынын Афинаны тынчсыздандыра турган жагдай экенин белгилеп: «Түркия абдан маанилүү бир нерсени далилдеди. Өлкө эч нерсеге карабастан согуштук учактын прототибин иштеп чыгып, аны бир нече өлкө жете албаган деңгээлге жеткире алды»,-деп билдиргенин баяндаган.

«Сабах» гезити «Ата мекендик унаа рекорд койду» аттуу кабарында ата мекендик Togg унаасынын биринчи үлгүсү T10X, алдын ала буюртма боюнча рекордду жаңыртканын жазган. T10X алдын ала буюртманын алгачкы 24 саатында 22 миң 150 арыз, 30 саатта болсо 29 миң арызды кабыл алды. Ушундайча 11 жылда сатылган электромобилдердин саны (12 миң 303) 24 сааттын ичинде дээрлик эки эсеге өскөн болду. 



Тектеш кабарлар