Түрк басма сөзү 16.03.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1960384
Түрк басма сөзү 16.03.2023

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандын бир жылда 650 миң үй куруу убадасы» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, 6-февралдагы жер титирөөлөрдө кыйраган шаарларды бир жылдын ичинде калыбына келтирүүнү убада кылгандарын белгилеп, 650 миң үйдү куруп ээлерине тапшырууну пландагандарын айтканын жазган. Эрдоган: «Акыркы 20 жылда пайдаланууга берилген 1 миллион 180 миң массалык турак-жай жана 3,3 миллион трансформациялоо долбоорлору биздин убадабызды аткарарыбыздын кепилдиги»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Эрдогандан Финляндияга жашыл жарык» аттуу маалыматында НАТОго мүчөлүгү үчүн Финляндия менен Швециянын Түркиянын макулдугун күтүп жатканын билидирген. Швециянын тескерисинче Түркиянын талаптарын аткарган Финляндия үчүн жашыл жарык күйдү. Президент Эрдоган Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу: «Жума күнү берген убадабызды аткарабыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Эрдогандын Финляндия билдирүүсү дүйнөлүк басма сөздө» аттуу кабарында президент Эрдоган Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу билдирүү жасап: «Өз милдетибизди аткарабыз, жума күнү убадабызды ишке ашырабыз»,-дегенин жазган. Эрдогандын Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу билдирүүсү чет элдик басма сөздө кеңири орун алды. Европалык басма сөз бул жагдайды "Швеция четте калды" "Күтүлгөн болду" деген комментарийлер менен жарыялады.

«Стар» гезити «Түркмөнстан көмүр суутек байлыгын бөлүшүүгө даяр» аттуу маалыматында эгемендүүлүгүн жарыялаганда Түркмөнстанды биринчилерден болуп тааныган өлкөнүн Түркия экенин белгилеген Түркмөнстандын Элдик Кеңешинин төрагасы Гурбангули Бердымухамедов өлкөнүн көмүр суутек байлыгын «Түрк үй-бүлөсү» менен бөлүшүүнү максат кылгандарын айтканын билдирген.

«Ватан» гезити «Тогг жолдордо» аттуу кабарында Бурсанын Гемлик районунда өндүрүлгөн Түркиянын биринчи электрдик акылдуу аппараты Togg ар түрдүү түстөгү унаалары менен сыноо айдоосун баштаганын маалымдаган. Бурсанын көчөлөрүндө сыналган унаалар жарандардын да жактыруусуна ээ болду. Дрон менен абадан көрсөтүлгөн Тогг кереметтүүлүгү менен көз жоосун алды.



Тектеш кабарлар