Түрк басма сөзү 13.02.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1945558
Түрк басма сөзү 13.02.2023

«Стар» гезити «Жер титирөөдөн кийин Түркияга келген биринчи лидер» аттуу маалыматында Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Сани «кылымдын апааты» деп сыпатталган Кахраманмараштагы жер титирөөдөн кийин президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуу үчүн Түркияга келгенин жазган. Эрдоган Аль Санини Стамбулдагы «Вахдеттин» сарайында кабыл алды. Катардын эмири жер титирөөдөн кийин Түркияга келген биринчи лидер болду.

«Хабер түрк» гезити «Греция жардамын улантууда» деген кабарында кыйраткыч жер титирөөлөрдөн кийин Түркияга дүйнөдөн колдоо келип жатканда Грециянын тышкы иштер министри Дендиас Аданага келгенин маалымдаган. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Дендиасты тосуп алып, эки министр кийин Хатайга барды. Жер титирөө болгон аймакта билдирүүлөрдү жасаган Дендиас Грециянын Түркияга колдоосунун улана турганын баса белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Рахмат кошуна» деген кабарында Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам материалдары Антальянын Каш районуна 7,5 километр алыстыктагы Грециянын Мейис аралынан жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Жардам кутучаларында «Урматтуу кошуна, жер титирөөдө үйлөрүңүз менен бирге биздин жүрөгүбүз да талкаланды» деген жазуу да орун алды.

«Ватан» гезити «Түркия бир жүрөк, жардам түнү» аттуу кабарында Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 10 провинцияга таасир эткен эки жер титирөөдөн кийин Телеберүүчүлөр Биримдиги жардам түндөрүн уюштуруу чечимин чыгарганын маалымдаган. Жардам түнү 15-февраль шаршемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 20:00дө «Түркия бир жүрөк» урааны менен өткөрүлөт. Жардамдар Кызылай жана Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) эсептеринде чогултулат.

«Сабах» гезити «Анжелина Жоли  азаптуу атанын сүрөтү менен дүйнөнү чакырды» аттуу кабарында белгилүү америкалык актриса Анжелина Жоли Кахраманмараштагы жер титирөөнүн символдорунун бири болгон 15 жаштагы кызынын колун кармаган кайгылуу атанын сүрөтү менен дүйнөгө кабар бергенин жазган. Анжелина Жоли социалдык тармактагы эсебинен жер титирөөдөн жабыркагандарга кайрымдуулук кылууга чакырды.



Тектеш кабарлар