Түрк басма сөзү 9.02.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтарды угуп жатасыздар.

1944119
Түрк басма сөзү 9.02.2023

«Стар» гезити «Эрдоган: Бардык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизацияладык» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Элбистан жана Пазаржыктагы жер титирөөдөн зыянга учураган аймактарды текшерүү үчүн Кахраманмарашка барганын жазган. Чатыр шаарчада иликтөөлөрдү жүргүзгөн Эрдоган: «Бардык ресурстарыбызды мобилизацияладык. Бардык облустарыбыздагы министр жолдошторубуз менен операцияларды координациялоодобуз»,-деди. Президент Эрдоган жер титирөөдөн зыян тарткан Хатай жана Адана шаарларына да барып, издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат алды.

«Хүррийет» гезити «Фахреттин Кожа: 10 облуста 77 талаа ооруканасын түздүк» аттуу кабарында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын : «10 облуста 77 талаа ооруканасын түздүк. Бул ооруканалардын кээ бирлеринде тез жардам кызматтары көрсөтүлгөн хирургиялык операцияларды да жасай алабыз»,-деп айтканын берген.

«Йенишафак» гезити «Япон профессору Шинжи: Түркиядагы жер титирөө дүйнөдөгү эң чоң «жер титирөөлөрдүн» бири» деген кабарында жапон жер титирөө боюнча адиси профессор Шинжи Тоданын очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдүн дүйнөнүн кургактыкта ​​болгон эң чоң жер титирөөлөрүнүн арасында экенин белгилеп: «Бул күтүлбөгөн чоң жер титирөө болду»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабертүрк» гезити «ДССУ эң жогорку деңгээлдеги 3-даражадагы өзгөчө кырдаалды жарыялады» аттуу кабарында Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) Кахраманмараштагы жер титирөөдөн кийин эң жогорку өзгөчө кырдаал деп эсептелген 3-даражадагы өзгөчө кырдаалды жарыялаганын маалымдаган. 3-даражадагы өзгөчө кырдаал ДССУнун жалпы агенттик активдерин мобилизациялоону билдирет.

«Сабах» гезити «Дүйнөлүк атактуу искусство чеберлеринен Түркияга тилектештик» деген кабарында Рассел Кроу, Антонио Бандерас, Дуа Липа, Белла Хадид, Хью Жекман, Женнифер Гарнер жана Деми Ловато сыяктуу дүйнөгө таанымал искусство чеберлери социалдык медиа эсептеринде бөлүшүшкөн посттору менен жер титирөөдөн зыян тарткан Түркияга колдоо көрсөтүшкөнүн маалымдаган.



Тектеш кабарлар