Түрк басма сөзү 08.02.2023
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Хабер түрк» гезити «10 облус үчүн апаат аймагы жана үч айга өзгөчө кырдаал режими» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган, 6-февралдагы эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн улам 10 облустун апаат аймагы деп жарыяланганын белгилеп, бул облустар үчүн 3 айга өзгөчө кырдаал жарыяланганын билдиргенин жазган.
«Хүррийет» гезити «Эрдогандан дүйнө лидерлерине ыраазычылык» аттуу маалыматында президент Эрдоган, жер титирөөдөн улам телефон аркылуу байланышкан мамлекет жана өкмөт башчыларына ыраазычылык билдиргенин баяндаган. Эрдоган: «Өлкөбүздүн ушул оор күнүндө бизге телефон чалып, жардам колдоосун жана жардам сунушун билдирген бардык досторубузга, бардык мамлекет жана өкмөт башчыларына ыраазычылык билдиремин. Эл аралык коомчулуктун колдоосу биз үчүн келе турган жардамдын мүнөзүнө караганда моралдык таасири менен баалуураак»,-деди.
«Ватан» гезити «Дүйнөдөгү атактуу өнөрпоздордон Түркияга колдоо билдирүүлөрү» аттуу кабарында эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдө урандылардын астында калгандарды издөө-куткаруу иштери уланып жатканда, дүйнөгө таанымал ысымдар Түркияга колдоо билдирүүлөрүн жарыялашканын жазган. Рассел Кроу, Антония Бандерас, Евгений Гринко, Марк Алан Руффало, Жей Жей Йохансон, Дуа Липа жана Марк Элияху баштаган көптөгөн актёр жана өнөрпоздор социалдык медиа аркылуу Түркияга көңүл айтуу билдирүүлөрүн жарыялады.
«Сабах» гезити «Түркия бир жүрөк болду» аттуу маалыматында Антальядагы туризмчилер тарабынан жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 9 миң 450 бөлмө даярдалганын билдирген. Жер титирөөдөн жабыркаган 15 миң адамга бөлмөлөр бөлүнөт. Бөлмөлөрдүн санын көбөйтүү аракеттери да уланууда. Аймактагы издөө-куткаруу иштерине катышуу үчүн миңдеген ыктыярчылар кайрылышты. Кан тапшырууну каалаган жарандар да кан борборлорунда узун кезектерди түзүштү.
«Стар» гезити «Көптөгөн өлкөлөрдөн Түркияга жардам эсеби» аттуу кабарында 10 облуста болгон жер титирөөлөрдөн жабыркагандар үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн жардам эсептерин ачкандарын билдирген. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин буйругу менен Түркия үчүн фонд түзүлсө, Тайвань болсо 2 миллион долларлык жардам берерин жарыялады. АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс да Түркия жана Сирияга гуманитардык жардам бере тургандарын билдирди. Кыргызстанда да жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү акциясы башталды.