Түрк басма сөзү 7.02.2023
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : «Бүгүн биримдиктүү болуу күнү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Кахраманмарашта болгон 7 ,7 баллдык жер титирөөнүн акыркы бир кылымда болгон 1939 – жылдагы Эрзинжан жер титирөөсүнөн кийинки эң чоң апаат болгондугун айтканын жазган. Эрдоган : «Өлкө жана улут катары биримдикүү болуп бул апаат күндөрүн артта калтырабыз. 85 миллион калк биримдиктүү болуубуз керек»,- деди.
«Хабер түрк» гезити «Түркия жер титирөө болгон аймактар үчүн кан берет» деген макаласында Кахраманмарашта болгон 7,7 баллдык жер титирөөдөн кийин Кызыл Жарым Айдын төрагасы доктор Керем Кынык Түркияны кан тапшырууга чакырды. Түркиянын ар кайсы шаарларынан келген жарандар жер титирөө болгон аймактарга жеткирүү үчүн кан тапшырышууда.
«Сабах» гезити «Түркия бир жүрөк» деп билдирип, Кахраманмарашта болгон жер титирөөнүн 10 облуста таасирдүү болгондугун белгилеген. Жер титирөөдөн кийин Түркия бир болуп, аймакка жардамдар чогултула баштады. Өлкөнүн төрт тарабынан топтор аймакка барышты. Топтор уранды алдында калган жарандарды урандылардын астынан чыгаруу аракеттерин улантып, бир топ шаардан чогултулган чатыр, жууркан, тамак - аш материалдары менен ашкана каражаттары да жабыр тарткандарга жеткирилүүдө.
«Ватан» гезити : «Дүйнөдөн Түркияга көңүл айтуу жана жардамдар келүүдө» деп жазып, эл аралык маалымат каражаттарынын Түркиянын түштүгүндө болгон жер титирөө тууралуу кабарларды берип, веб-сайттар түз эфирдеги блогдор менен окуяларды окурмандарына жеткирип жаткандыгын белгиледи. Жер титирөөнүн билдирилиши менен Түркияга колдоо, көңүл айтуу жана жардам билдирүүлөрү келүүдө. Көптөгөн өлкө лидерлери Түркия менен тилектештиктерин билдиришти.
«Стар» гезити "Алтундан Илон Маскка жалган маалымат эскертүүсү" деген макаласында президенттиктин коммуникация боюнча төрагасы Фахреттин Алтундун Илон Маскты белгилеп, жер титирөө тууралуу жалган маалыматтарга көңүл буруу керектигин айтканын жазган. Фахреттин Алтун Твиттер баракчасында буларды айтты : «Мындай өзгөчө кырдаалда Твиттердин платформадагы жалган маалымат аракеттерине өзгөчө көңүл бурушу абдан маанилүү».