Түрк басма сөзү 06.02.2023
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Йенишафак» гезити «Тогуз өлкөгө «консулдуктарды жабууга» Эрдогандын каршылык көрсөтүүсү» аттуу маалыматында Айдында жаштар менен жолугушкан президент Режеп Таййип Эрдогандын Стамбулдагы консулдуктарын жабуу чечимин чыгарган 9 өлкөгө каршылык көрсөткөнүн жазган. Элчилердин Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ультиматум коюлганын жана «Уланта берсеңер мунун кесепети оор болот» дегенин эске салган президент Эрдоган: «Дүйшөмбү күнү өкмөт жыйыны бар, керектүү чечимдерди ошол жерден алабыз»,-деп айтканын баяндаган.
«Хүррийет» гезити «Варанк:Түркияны сактоо технологияларында маанилүү бир актер кылууну каалайбыз» деген кабарында Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын Кайсеридеги Европанын биринчи жана жалгыз цилиндр формасындагы литий-иондук батарейка чыгаруучу ишканасында текшерүү жүргүзгөнүн маалымдаган. Варанк: «Түркияны аккумулятор өнөр жайы жана сактоо технологияларында маанилүү бир актер кылууну каалайбыз»,- деди.
«Стар» гезити «Чет өлкөдөн кызыгуу чоң» аттуу кабарында Түркия өз алдынча суу астында жүрүүчү кемелерин долбоорлоп, өндүрө алган дүйнөдөгү 5-6 өлкөнүн бири болууга даярданып жатканын жазган. Сыноо өндүрүшүн баштаган улуттук суу астындагы кеме STM500 быйыл көрүнө баштайт. Чет өлкөдөн улуттук суу астында жүрүүчү кемелерге азыртадан эле кызыгуу чоң.
«Сабах» гезити «Айыл чарба секторунан экспортто январь айынын рекорду» деген кабарында Түркиянын айыл чарба сектору 2 миллиард 875 миллион доллар менен январь айынын эң жогорку экспортуна жетишкенин маалымдаган.
«Хабертүрк» гезити «Январь айында Кападокия келгендердин саны боюнча рекордго жетишилди» аттуу кабарында тарыхый, маданий байлыктары жана жаратылыш кооздуктары менен жергиликтүү жана чет элдик туристтерди өзүнө тарткан туризм борборлорунун бири болгон Кападокияга ушул жылдын январь айында 174 миң 222 киши келгенин белгилеген. 2023-жылдын биринчи айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жаңы рекордго жетишилди.