Түрк басма сөзү 02.02.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1940944
Түрк басма сөзү 02.02.2023

«Йени Шафак» гезити «Эрдогандан Шведция тууралуу билдирүү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Швециянын Курандын өрттөлүшүнө жана тытылышына уруксат бергенде НАТОго мүчөлүгүнө «ооба» дебей тургандарын айтканын кабарлаган. Эрдоган кечээки билдирүүсүндө: «Финляндияга карата көз карашыбыз оң, бирок Швеция боюнча эмес, муну да билиңиз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Министр Чавушоглудан Швеция жана Финляндия билдирүүсү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээки билдирүүсүндө Швеция жана Финляндиянын НАТО процессине байланыштуу: «Швециядан конкреттүү кадамдарды көргөн жокпуз, Түркиянын коопсуздук санааркоолорун түшүнүүлөрүн күтүүдөбүз»,-деп айтып, Финляндиянын мүчөлүгүнө карата «НАТО үчтүк меморандумду бөлсө Түркия Финляндиянын мүчөлүгүнө дагы оң карайт»,-деп билдиргенин баяндаган.

«Сабах» гезити «Министр Акар: Кол салууларга дароо эселентип жооп кайтарып жатабыз» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Ирактын түндүгүндөгү база аймагына болгон кол салууга байланыштуу: «Маал-маалы менен ок атуулар, кол салуулар болуп жатат, биз болсо ар дайым керектүү жооптуу эселентип беребиз»,-деп айтканын жазган.

«Стар» гезити «Бельгиянын мамлекеттик каналы: Европа лидерлери жете албаганды президент Эрдоган ишке ашырды» деген кабарында Бельгиянын мамлекеттик каналы RTBF Түркия тууралуу таң калыштуу кабарды жарыялаганын берген. Кабарда президент Режеп Таййип Эрдогандын өзгөчө эл аралык деңгээлде тең салмактуулукту камсыз кылуучу маанилүү кадамдарды таштаганы белгиленди. Президент Эрдогандын башка европалык лидерлер жасай албаган иштерди жасаганын баса белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Анталья туризминде январь рекорду» деген кабарында Түркиянын «туризм борбору» деп аталган Антальяда 2023-жылдын биринчи айында бардык убакыттардын рекорду жаңыланганын белгилеген. Антальяга январь айында аба жолу менен келген турист саны өткөн жылга салыштырмалуу 58 пайызга өсүп 291 миң 647 кишиге жетти.



Тектеш кабарлар