Түрк басма сөзү 31.01.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1939913
Түрк басма сөзү 31.01.2023

«Йени Шафак» гезити «Песков : Путин менен Эрдогандын мамилеси өз ара ишенимге негизделген» деген кабарында Россиянын Президенттик сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун : «Россиянын президенти Путин менен президент Эрдогандын өзгөчө мамилеси бар. Бул мамилелер чындыгында өз ара ишеним, бири - бирин cыйлоо жана алган милдеттенмелерине берилгендикке негизделген»,-дегенин  жазган.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглунан Финляндия тууралуу билдирүү» деп жазып, Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Швеция жана Финляндиянын НАТО мүчөлүктөрүнө байланыштуу «Проблемалуу өлкө» менен «аз проблемалуу өлкөнү» айырмалоо адилеттүү  болот. Биз Түркия катары НАТО жана бул өлкөлөр мындай чечим чыгара турган болсо, муну  өзүнчө карап чыгарыбызды ойлоп жатабыз. Урматтуу президентибиз да  Финляндия тууралуу Швецияга караганда башка баа беришибиз мүмкүн деди»,- дегенин белгилеген.

«Стар» гезити «Канада берген эмес, Түркия өзү өндүрдү» деген макаласында Түркиянын коргонуудагы эмбаргого карата жообун жергиликтүү система менен бергендигин маалымдаган. Канададан алынып жатканда чектөө киргизилген Тик учактарды кармоо жана өткөрүп берүү системасы биринчи жолу жергиликтүү жана улуттук деңгээлде иштелип чыкканын жазган. Система биринчи миссиясын улуттук фрегат TCG Стамбул менен баштайт.

«Сабах» гезити «Фатих бургулоону баштады» деп билдирип, «Фатих» бургулоо кемесинин Сакария газ аянтындагы жаңы аныктоочу скважина Амасра - 2де бургулоо иштерин баштаганын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Сакариядагы фабрикада Европада жаңы тепкичтерди ачабыз» деген маалыматында Тойота компаниясынын аккумулятордук гибрид модели New C-HR дүйнөдө биринчи жолу Түркиянын Сакария шаарында чыгарыларын кабарлаган. Toyota Automotive Industry Түркия да Toyota Europe ишканаларынын арасында биринчи аккумулятор жана заряддоого болгон унаа чыгаруучу завод болот.



Тектеш кабарлар