Түрк басма сөзү 30.01.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1939382
Түрк басма сөзү 30.01.2023

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандын Швеция билдирүүсү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки билдирүүсүндө, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесстерине токтолуп: «Финляндия тууралуу башкача чечим чыгарганыбызда Швеция таң калат»,- дегенин жазган.

«Йени Шафак» «Президент Эрдоган социалдык медиада эң көп катталуучусу бар экинчи лидер» аттуу маалыматында Италияда санариптик көрсөткүчтөрдү талдаган фонддун изилдөөсүнө караганда президент Режеп Таййип Эрдогандын социалдык медиада эң көп катталуучусу бар лидерлердин арасында орун алганын билдирген. Изилдөөлөргө ылайык, социалдык медиада эң көп катталуучусу бар дүйнө лидерлери; Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден, президент Эрдоган жана Украинанын президенти Владимир Зеленский болду.

«Сабах» гезити «Министр Акар: Тынчтыкка салым кошуу үчүн иш-аракеттерибизди улантып жатабыз» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын аймакта жана дүйнөдө тынчтык үчүн күрөшүп жатканын айтканын жазган. Акар: «Бир тараптан чек араларыбызды коргоо жана колдоо, террор менен күрөшүү, экинчи тараптан да Түндүк Кипр Түрк Республикасы, азербайжандык боордошторубуз жана ливиялык бир туугандарыбыз баш болгон Сомали, Судан, Косово, Босния сыяктуу бардык аймактардагы миңдеген аскерлерибиз менен бирге аймактык жана дүйнөлүк тынчтыкка салым кошуу үчүн күнү-түнү биргелешип иштөөнү улантып жатабыз» дегенин билдирген.

«Ватан» гезити «Украинада Байрактар ​​легендарлуу канаттар» даректүү тасмасы» аттуу маалыматында Байрактар ​​TB2 куралдуу учкучсуз аппараттар тууралуу даректүү тасма даярдалып, Украинанын эң чоң телеканалдарынын бири болгон 1+1де көрсөтүлгөнүн жазган. Даректүү тасмада Байкар Башкармалыгынын төрагасы Селчук Байрактар ​​жана башкы директору Халук Байрактар ​​менен болгон маектер да орун алды.

«Стар» гезити «Макарондо максат - 1,5 миллион тонна экспорт» аттуу кабарында өткөн жылы Түркиядан 160 өлкөгө 967 миллион долларлык 1,3 миллион тонна макарон экспорттолгонун билдирген. Бул сектор экспортун быйыл 1,5 миллион тоннага жеткирүүнү максат кылууда.



Тектеш кабарлар