Түрк басма сөзү 19.01.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1934793
Түрк басма сөзү 19.01.2023

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандын 14-май билдирүүсү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ борбор шаар Анкарадагы билдирүүсүндө парламенттик жана президенттик шайлоолордун 14-майда боло турганын айтканын жазган.

«Стар» гезити «Министр Чавушоглунан АКШга ачык билдирүү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун, Түркия-АКШ стратегиялык механизминин II. Министрлер жыйынынын алкагында борбор шаар Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушканын жазган. Эки тараптуу жолугушуудан кийин министр Чавушоглу: «F-16ны модернизациялоо жана жаңы F-16 сатып алынышы да күн тартибибиздин маанилүү беренелеринин бири болду. АКШ жетекчилиги күчтүү позицияда болсо F-16 маселеси чечилет»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Акардын швециялык кесиптешинин Түркияга сапарына байланыштуу билдирүүсү» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акар, швециялык кесиптеши Пал Йонсондун Түркияга ыктымалдуу сапары тууралуу: «Пландоо бар, процессти байкап жатабыз, жагдайларга жараша аныкталат»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Машина экспорту рекорд жаңылады» аттуу маалыматында Түркиянын машина экспорту 2022-жылы 9,6 пайыздык өсүү менен 25,3 миллиард долларга жетип, бардык убакыттардын жылдык рекордун жаңылаганын билдирген. Эң көп машина экспорттолгон өлкө Германия болду.

«Ватан» гезити «Европадан жана Орусиядан туристтер эс алуу үчүн Түркияга агылып келүүдө» аттуу кабарында туризм шаары Антальянын 2023-жылдан күтүүлөрүнө баа берген Профессионал мейманкана жетекчилери (POYD) коомунун төрагасы Үлкай Атмажа: «2023-жылды абдан жакшы баштадык. Алгачкы 15 күндүн көрсөткүчтөрү абдан жакшы болду. 100 миңден ашуун туристтердин санына туш болдук. Өзгөчө Европадан жана Орусиядан келип жатышат»,- деди.



Тектеш кабарлар