Түрк басма сөзү 10.01.2023
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

"Хабер түрк" гезити «Эрдоган: Коргонуу экспортубуз рекорд койду» деген кабарында Президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын коргонуу экспортунун өткөн жылы 4 миллиард 400 миллион доллар менен рекорд койгонун айтканын жазган. Эрдоган : «Быйыл улуттук согуштук учактарыбызды ангардан чыгарабыз», - деди. Эрдоган дүйнөнүн биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппаратынын кемеси боло турган Анадолунун да быйылкы жылы ишке кирерин айтты.
"Ватан" гезити : «Улуттук согуштук учактын алгачкы учуусу алдыга жылдырылды» деп билдирип,улуттук аскердик учактын күтүлгөндөн эрте бүткөндүгүн билдирген. Учуунун 2025 - жылга пландалганын, бирок алдыга жылдырылганын жарыялаган Түрк авиациялык космостук өнөр жайынын башкы директору Темел Котил: «Улуттук аскерлик учак 2023 - жылдын аягында учат»,-деди.
"Йени шафак" гезити : «Түркиядан АКШга экспортто рекорддук деңгээл» деген маалыматында Түркиянын АКШга экспорту өткөн жылы 14 миллиард 362 миллион доллар болсо, Түркиянын АКШга экспорту 1 миллиард 520 миллион долларга өскөндүгүн, өткөн жылы Түркия Россиядан кийин эң көп экспорт кылган экинчи өлкө АКШ болгонун жазган.
"Сабах" гезити ТОГГго көп өлкөлөрдөн сунуштар түшүп жатат" деп жазып, Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын АКШда өткөн дүйнөнүн эң чоң керектөөчү электроника жарманкеси CES 2023тө көргөзмөгө коюлган Түркиянын электр унаасы TОГГ стендине барганын маалымдаган. Варанк : «Жакынкы Чыгыш жана Европадан «Бул унааны кантип сатып алсак болот деген чоң кызыгуу бар",- деди.
"Стар" гезити "Дүйнө гигантынан миллиард долларлык чечим" деген макаласында Кытайдын электрондук соода гиганты Alibaba Түркияга 1 миллиард доллардан ашык инвестиция салууну пландап жатканын жарыялады. Alibaba World төрагасы Майкл Эванс: «Түркияда чоң өндүрүш күчү бар. Бул жагынан алганда Түркия дүйнөнүн эң пайдалуу өлкөсү»,- деди.