Түрк басма сөзү 06.01.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача малыматтар.

1928882
Түрк басма сөзү 06.01.2023

"Хүррийет" гезити "Эрдоган лидерлер менен  сүйлөштү, ок атышпоо чечими келди" деген кабарында Президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Россиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен  сүйлөшкөндөн кийин Кремлден ок атышпоо билдирүүсү келгендигин жазган. Билдирүүдө Россиянын Украинада 6 - 7 -  январь күндөрү ок атышпоонун жарыяланары белгиленди.

"Стар" гезити  "11 жылдан кийин Дамаск менен жогорку деңгээлдеги байланыш" деп билдирип, Президент Режеп Таййип Эрдогандын Сирия менен нормалдашуу процессине байланыштуу "Россия  -  Түркия -  Сирия катары бир процесс баштадык. Тышкы иштер министрлерибиз жолугушат андан кийин жагдайга жаратш лидерлер жолугушабыз"- дегенин белгилеген.

"Хабер түрк" гезити "Түрк куралдуу күчтөрү дүйнөнүн эң күчтүү 11 -  армиясы" деген макаласында борбору АКШ болгон аскердик күч маалыматтарынын анализин жүргөзгөн Global Firepower  интернет сайтынын 145 өлкөнүн армиясын технологиялык жактан өнүккөн, адам күчү, аянтта узун мөөнөт калуу жана кыймыл кылуу жөндөмдүүлүгү сыяктуу өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу менен  2023 - жылдын тизмесин жарыялаганын кабарлаган. Түркия тизмедеги ордун сактады жана 2022 -  жылы болгондой эле 11 -  орунду алды.

"Йени шафак" гезити "Бир  эки жылдын ичинде 16 миллиондон ашуун турист келди" деген маалыматында Түркиянын эң маанилүү туризм борборлорунун бири болгон Антальяга өткөн жылы болжол менен 13,5 миллион, Муглага 3 миллионго жакын чет элдик туристтин келгендигин кабарлаган.

"Сабах" гезити "Караисмаилоглу : "Круиздик жүргүнчүлөрдүн саны 2022-жылы 1 миллиондон ашты» деп жазып, Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглунун 2022 - жылы круиздик жүргүнчүлөрдүн саны 22 эсе өсүп, 1 миллиондон ашканын билдиргенин маалымдаган. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар